Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

Аида Касымалиева, Прага Акыркы бир нече жылда Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/DE65F2DA-BE6C-4974-9D2C-57E951FE3D85.asp орточо 5 пайызга өскөн. Дүйнөлүк Банктын соңку баяндамасына ылайык, аталган регионго караганда жалгыз Кытай гана жакшыраак көрсөткүчкө жетти. Серепчилердин пикиринде, эмгек өндүрүмдүүлүгү канчалык жогору болсо, өлкөнүн экономикасы ошончолук жакшы өнүгөт. Ошол эле учурда, тейлөө сектору постсоветтик өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө түрткү берчү чоң күч болот, деп айтылат изилдөөдө.

Эреже боюнча борборлоштурулган экономикадан базар экономикасына өтүп жаткан учурда эмгек өндүрүмдүүлүгү кескин жогорулайт. Бирок Дүйнөлүк Банктын соңку отчетун даярдагандар айрым өлкөлөрдөгү эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүн бир гана өткөөл мезгилге байланыштырышпайт. Алардын айтымында, эмгек өндүрүмдүүлүгү - экономика ылдам өнүгүп жатканын көрсөткөн узак убакытка созулчу тенденция.

-Өткөөл мезгилдин баш ченинде Чыгыш Европа, мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдө киреше төмөндөгөн. Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү алардын экономикасынын оңолгонун жана капиталды мурдакыдан жакшы пайдаланып калганын күбөлөйт. Албетте буга ички реформалар жана дүйнөлүк экономика менен болгон интеграция да жакшы таасирин тийгизди.

Асад Алам - Дүйнөлүк Банктын Чыгыш Европа жана мурдагы Советтер Союузуна мүчө өлкөлөрүндөгү эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүнө арналган сонку баяндаманын авторлорунун бири.

Асам жана изилдөөнүн экинчи автору аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрү соода-сатыкты колдоп, дүйнөлүк экономика менен кызматташууга жакшы аракеттерди көрүшүүдө деп ишенишет. Жалпысынан бизнес чөйрө жакшыргандан соң, аймактын экономикасы бир нукка түшкөн. Дүйнөлүк Банктын эсептөөлөрү боюнча Чыгыш Европа жана постсоветтик өлкөлөрдө 1999-2007-жылдары жан башына өндүрүлгөн киреше 50 пайыздан ашуун жогорулаган. Натыйжада 50 миллион адам жакырчылыктан чыккан.

Мындан аркы өсүш жумушчулардын өндүрүмдүү иштешине көз каранды. Негизинен бул жараян менчик сектордогу ишканалардан башталат жана эмгек өндүрүмдүүлүгү жогору болгон ишканалар алдыга озуп, эскиче иштеген фирмалар жабылат.

Тейлөө тармагы - экс-советтик республикалардын экомикасын алга сүрөөчү чоң күч болот. Кызмат көрсөтүү бир гана соода-сатыкты же ресторан бизнесин туюндурбайт, буга каржы жана маалымат технологиялары да кирет. Алардын ичинен маалымат технологиялары – эң маанилүүсү.

-Биздин аналитиктердин божомолуна ылайык маалымат технологиялары жакшы өздөштүрүлгөн өлкөлөрдө эмгек өндүрүмдүүлүгү да жогору болот.

Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү Чыгыш Европа жана постсоветтик өлкөлөр үчүн гана мүнөздүү көрүнүш, деп улантты сөзүн Дүйнөлүк Банктын кызматкери Асад Алам:

-Аталган аймактардын экономикалык өсүшү 80 пайызы - эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашына байланыштуу. Бул өтө кызыктуу көрүнүш, себеби дүйнөнүн калган бөлүгүндө экономикалык өнүгүү капитал жана жумушчу күчүнө көз каранды.

Дүйнөлүк Банктын изилдөөсүнө караганда, Кытай өткөөл мезгил учурунда Чыгыш Европа жана экс-советтик өлкөлөргө салыштырмалуу “өтө чоң” ийгиликтерге жетишкен. Мурда эмгек өндүрүмдүүлүгү жагынан Кытайда бул өлкөлөргө караганда алда канча төмөн болчу.

Дүйнөлүк Банктын ырасташынча, ушуга чейин тамак-ашка жана энергияга болгон жогорку баанын кесепетинен жогорудагы өлкөлөр Кытайге тең келе албай жатышат. Ага кошумча тамак-аштын жана энергиянын бааларынын жогорулашы инфляцияны жогорулатып, экономиканын өсүшү жайлашы ыктымал.
XS
SM
MD
LG