Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

Быйыл күзүндө жаңы окуу жылынын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/science/ky/2008/04/A8C8F461-D2D0-4300-B27E-DC89ADD921A1.asp башталышы менен өлкөдөгү мектептерге окуучулар бирдей мектеп формасында келишет. Бирдиктүү мектеп формасына быйыл өтүш керек деген тыянакка келген Билим берүү жана илим министрлиги азыр ага даярдыктарды көрүүдө. Анткен менен айрым жерлердеги мектептер бирдей формага алда качан эле өтүп алышкан. Азыр алардагы окуучулар Советтер Союзунун мезгилиндеги мектеп формасын кийишет. Мына ушундай мектептердин бири Ош облусунун Карасуу районунда бар.

Жаңы-Арык айылындагы Калинин атындагы орто мектебинин 7-классында окуган Гүлмайрам көчөнү бойлой мектепке ашыгып баратат. Анын кара формасы менен ак фартугу, андан да, мойнундагы кызыл жагоосу СССР таркагандан бери эч нерсе өзгөрүлбөгөнүн көрсөткөнсүйт.



- Биздин ата-энелерибиз ушинтип кийинишкен, ошондуктан биз да аны унутпай, кийип жүрүшүбүз керек.

“Азаттык”: -Силер эгер кызыл жагоону байлабай барсаңар урушабы?

- Ооба. Сабакка киргизбей коюшат.







Калинин атындагы мектепте чын эле окуучулар сабакка формачан келишпесе, киргизбей коюшат. Жылдыз Имаркулова – бул жерде окуучуларга англис тилинен дарс өтөт. Жылдыз эже, мисалы, кыздар шымчан келсе, же кыска юбка кийип келишсе, сабакка киргизбейт.



- Форма-фартук окуучулардын баарын бирдей кармайт. Эгер эркин кийингенге уруксат берип койсоң, бири кыска, бири узун кийинип, башаламан болуп кетиши мүмкүн. Биз советтик мектеп формасына өткөнүбүзгө үч жылдай болуп калды. Формаларды Карасуу базарынан эле алабыз.

Бул мектепте миңдей окуучу бар. Алардын ичинде быйыл 85 бүтүрүүчү мектеп формасын таштаганы жатат. А бирок окуучулар арасында ким байдын, ким кедейдин баласы экенин сырткы келбетинен жашырыш үчүн Карасуу районундагы мектептер өздөрү эле советтик окуучунун формасына өтүп алышкан.

- Биз район боюнча мектептер ушундай чечимге келгенбиз. Кыздарыбыз форма-фартукчан, балдар ак көйнөк, костюм-шым, жагоо тагынып алышат. Окуучу болгондон кийин, баары бирдей болушу керек да. СССР мезгилинде деле ушундай болчу. Демек, биз азыр кайра ошол мезгилге кайтып жатабыз, - деди Калинин атындагы орто мектептин деректири Айсулуу Маданова.

Мамлекет бийликтери бирдиктүү формага өтүү керектигин айтып келишет. Билим берүү жана илим министрлиги бул маселенин үстүндө бир топ иштерди жүргүзүп, ушул жылы жаңы окуу жылынан тарта баардык мектеп окуучуларын кийиндирүү миссиясына киришип турган чагы. Министрликтин Мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөнов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Карасуудагыга окшоп бирдиктүү формага өткөн мектептердин тажрыйбасы дурус болуп жатканын белгиледи.

- Азырынча республика боюнча окуучуларга бирдиктүү форма жок болгон үчүн ар кайсыл жерде жергиликтүү бийликтер өздөрүнүн формаларын киргизип жатышат. Жалпы форма киргизилгенден кийин баары бир формага өтүшөт. Ал жайкы жана кышкы болуп бөлүнөт. Эксперттердин баасында, жайкысы, орточо эсеп менен 1200-1500 сом, ал эми кышкысы 2000 сомго жетип калышы мүмкүн.

Ал эми жалпы республика боюнча бирдиктүү мектеп формасы быйыл сентябрдан тарта киргизилиши күтүлүүдө.

- Мектеп формасы ата-энелердин чөнтөгүнө оор келбей тургандай баада болушу керек, окуучуга жагышы керек, башкача айтканда, бүгүнкү күндүн талабына ылайык келиши шарт. Антпесе эч ким кийбей коет. Ошондуктан азырынча бизге 5-6 эскиз келип түштү. Май айынын аягына чейин алардын ичинен баардык талаптарга жооп бергенин тандап алабыз. Биздин максат – форманы 1-сентябрдан тарта колдонууга киргизүү, - деди Билим берүү жана илим министрлигинин расмий өкүлү Марат Үсөнов.





Дегинкиси, Кыргызстанда бирдиктүү мектеп формасын киргизүү маселеси көптөн бери эле талкууланып келатат. Бирок ал жеке окуучунун кийим тандоо укугунун бузулушуна алып келет деп, андан да, окуучулардын баарына бирдей форма кийгизип, бирдей калыпка салуу чыныгы советтик системадан калган деп, ага каршы чыккандар да жок эмес.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG