Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

8:22 Бүгүн парламентте “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууланат


Депутаттык топ иштеп чыккан долбоорду Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укугу комитети карайт. Депутаттык топ долбоорго парламентте жеңишке жеткен саясий партияларга өкмөттүк колдоо көрсөтүү, партияны түзүү эрежесин күчтөндүрүү өңдүү өзгөртүүлөрдү киргизген. Долбоорду өткөн айда уюштурулган парламенттик угуу талкуулаган. Долбоор бир партиянын кызыкчылыгын көздөп, калган партиялардын ишмердүүлүгүнө бут тосот деп эсептегендер иштеп жаткан мыйзам жаңы Баш мыйзамга каршы келбейт, ошондуктан, өзгөртүү зарылдыгы жок деп билдиришкен. Долбоорду комитет жактырса, парламенттин жалпы отурумуна чыкмакчы. (BuS)

XS
SM
MD
LG