Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:33
“Асман пресс” деп аталган гезит мына ушундай суроо менен КР УИАнын сейсмология институтунун деректири Канат Абдрахмановго кайрылганда ал, Кытайдагы жер титирөөнүн Кыргызстанга таасири тийбестигин, анткени кырсыктын литосфералык плитасы алыс жайгашканын, бирок жер титирөөнүн күнүн, саатын так айтууга чамалары чак болгону менен 2010-2013-жылдардын аралыгында орто эсеп боюнча күчү 8-9 баллга жеткен силкинүү болушу мүмкүндүгүн, бирок бул сөзсүз эле болот дегенди билдирбей тургандыгын айтат.

Башкы сейсмолог Абдрахмановдун айтымында, коркунучтуу деген аймактарга Алай өрөөнү жана ага жакын жайгашкан Ош дубанынын айрым райондору кирет. Экинчи кооптуу аймак Чүй аймагы жана Ысыккөлдүн күңгөй тарабы.

Адистин билдиргени караганда 2011-жылы Күндүн активдүүлүгү жогорулап, анын натыйжасы жер титирөөгө таасирин тийгизет. Айтылуу Ысыката жаракасы 1885-жылкы жер тиртирөөдөн улам пайда болгон. Мындай зилзала ар 100-115 жыл сайын кайталанып турарын, Ысыката жаракасы деген Бишкектин 12-кичирайонунун артындагы бөксө тоолордо жатканын, бул аймакта 400 метр зонанын ичинде курулушка жол берилбестигин, бирок болбой эле куруп жатышканын, бир кызыгы ушул сейсмология институту жайгашкан имарат жараканын так түбүндө жайгашканын, тилекке каршы кыргыз өкмөтү ар качан эле кырсыктан алдын алуу чараларын көрүүнүн ордуна кырсык болуп өткөндөн кийин гумжардам таратуу гана вазийпасын аткарып келатканы өкүнтөрүн айтып берген.

х х х

Ушул эле гезит учурда Бишкектеги кургак учукту дарылоочу оорукананы шаар бийлигинин Воронцовка айылына көчүрүү аракетине Ташдөбөнүн тургундары каршы болуп жатканын, айрымдар оорукананын эскилиги жетти, анын үстүнө мындай оорукананын борбордо жайгашышы туура болбойт дегенди бетке кармаса, айрымдар аны жеринде эле каражат таап оңдосо болот, ооруканада иштеген кызматкерлердин баары эле оорукана менен кошо Воронцовкага көчүп барууга макул эмес деген жүйөнү алдыга тартып атканын, айтор талаш маселеге азырынча чекит коюл электигин жазат.

х х х

“Дело №…” гезити президенттин уулу М.Бакиевдин досу жана ишкерлик боюнча өнөктөшү Валерий Белоконь 1-жолу британиялык байлардын катарынан орун алганын, анын байлыгы ушу тапта 200 миллион фунт-стерлингке жеткенин, Белоконь мырза эми мындан ары Кыргызстанга ачкан “Манас” банкынын филиалын Кытайга жана Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнө ачам деп турганын кабарлады.

х х х

Гезит жана бир кабарында Новосибирскинин чегара тосотунда Орусия аймагынан 450 миң долларды алып чыгып кетүүгө аракет кылган деган айып менен Кыргызстандын жараны кармалганын, эгер күнөөсү мойнуна коюлса анын доллары орустар тарапта калып, өзү беш жылга кесилип кетерин кабарлады.

х х х

Ошол эле Орусиянын Урал аймагындагы Белоярский деп аталган орто мектепте Кыргызстандан иш издеп кеткен мугалим Зарипа Пратова айым чет тилинен сабак берип жатканын, анын айтымында үйбүлөсүн чындап багып жатам деген сезим эми пайда болгонун, анткени аз эле саат үчүн бул жерде жакшы төлөшөрүн, Орусиядагы мектеп мугалимдеринин айлыгы Кыргызстандагы мектеп мугалимдеринин алган айлыгынан алда канча жогору экендигин кубанып кеп кылганын маалымдады.

х х х

“Дело №…” гезити ошону менен бирге эле Баткен облусунда балдар орус тилин окубай калганын, тоолуу аймактагы мектептерде окуу куралдары менен окутуучулар жетпегенине кошул-ташыл болуп, диний таасирлер жаштарды таш доорун көздөй сүйрөп баратканын, мисалы Сузак районунда Хизб ут-Тахрир диний агымынын таасиринин күчөгөндүгүнөн улам, балдар жума күнкү сабакка барбай, кыздар 14-15 жаштан эле турмушка чыгып жатканын, паранжы жамынган аялдар күн санап арбып баратканын сөз кылды.

х х х

“Алиби” гезити “Кошоматчылар институтубу же тил илими институтубу” же К.Коңкобаевдин “компаниясы” соттун бир дагы суроосуна жооп бере алган жок” деген макала жарыялады. “Анда,- деп жазат гезит, күч структураларынын, укук коргоо, сот органдарынын “көшөгө артындагы королу” атыккан айтылуу Жаныш (Жаныбек) Бакиевдин уулу Асылбек Салиев “менин ар-намысыма, аброюма шек келтирди” деген жалган доомат менен “Алиби” гезитин сотко берген”. Анан сот жоопкерлердин өтүнүчүн канааттандырып, адабий, лингвистикалык жана тилдик экспертиза дайындап, аны жүргүзүүнү КР УИАнын тил институтуна тапшырган. Жакында ошол институттан анын деректири К.Коңкобаевдин колу коюлган эксперттик жыйынтык колго тийди.”

Гезит макаласын андан ары баяндап келип акырында, “тилекке каршы К.Коңкобаев тарабынан даярдалган жыйынтык сот тарабынан койгон суроолордун бирине да жооп бере албаганы аз келгенсип, кошоматчылыктын накта үлгүсүн көрсөттү” деп аталган институттун бүтүмүн мисалга тартат. Анда; “Гезитке фактысы так аныкталбаган материал жарыяланган. Ошондуктан 2008-жылдын 7-апрелиндеги Салиев Асылбек Жаныбекович тарабынан жазылган доо арызда коюлган дооматтарынын туура экендигин көрсөтөт.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG