Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

13:21 Азимбек Бекназаровго мамлекет башчысына кол салууга даярданган деген айып коюулууда


Бул тууралуу “Асаба” партиясынын мүчөсү Роза Нурматова Коомдук парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, прокуратура Бекназаровду үч жолу чакырып эскертүү берген. Андан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 20-майда суракка чакырган. Бекназаровго шилтеме берген Нурматованын маалыматына караганда, Бекназаровго каршы мамлекет башчысына кол салууга даярдык көргөн деген айып коюулушу күтүлүүдө. Коомдук парламент Бекназаровго байланыштуу окуяны талкуулап, билдирүү кабыл алышы белгиленүүдө. Бул окуя боюнча Азимбек Бекназаровдун өзүнө кайрылганыбызда, УКМК тарабынан айып коюлуп жатканы тууралуу эч кимге маалымат бербегенин билдирди.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG