Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

13:50 Нарындагы баптисттер президент К.Бакиевге кайрылуу жолдошту


Нарындагы Евангелисттер христиан баптисттер жыйынынан бүгүн “Азаттыкка” билдиришкендей, Нарын районуна караштуу Куланак айылында баптисттер менен мусулмандар ортосунда диний чыр чыкты. Аталган жыйындын мүчөсүнүн 14 жаштагы уулу 18-майда каза болгон. Анын сөөгүн жерге берүүгө, баптисттердин айтымында, жергиликтүү калк каршылык көрсөтүүдө жана маселени чечүүгө райондук да, облустук да бийликтер алсыздык кылып жатышат. Андыктан баптисттер жыйыны президентке кайрылуу жазып, бүгүн аны маалымат каражаттары аркылуу таркатууну туура көргөндүгүн “Азаттыкка” ал жыйындын өкүлү Рахатбек Чүйтиев айтты. Анын билдирүүсүнө караганда, бул өңдүү чатактар буга чейин да болуп келген. (TD)

XS
SM
MD
LG