Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

16:00 НГ: “Кыргыз экономикасы башкарылбайт”


Орусиядагы “Независимая газета” бүгүнкү санында кыргыз экономикасынын абалы жана көмүскө экономиканы мыйзамдаштыруу жөнүндө макаласын басып чыгарды. Анда, расмий маалыматтарга ылайык, көмүскөдөгү экономиканын кубаттуулугу мамлекеттин ички дүң продуктусунун 40% түзөөрү айтылып жүргөнү, бирок эксперттердин баамында, Кыргызстанда көмүскөдө айланып жаткан акчанын көлөмү ички дүң продуктунун жарымынан көбүн ээлей турганы жазылат. “Мындай учурда, эларалык стандарттарга ылайык, өлкөнүн экономикасы башкаруусуз калды десе болот”, - деп жазат гезит. Макалада жазылгандай, көмүскөдө айланып жаткан акчаны ачыкка чыгарып, мыйзамдаштыруу боюнча кыргыз өкмөтүнүн аракеттери ийгилик жарата элек. (TD)

XS
SM
MD
LG