Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

Аманбек Жапаров, Бишкек Бүгүн Коомдук парламент үчүнчү сессиясында резолюция кабыл алды. Анда азык-түлүк коопсуздугу боюнча өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылып, кризистен чыгуунун жолдору сунушталды. Ошондой эле башкаруу системасын өзгөртүү зарылдыгын, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү мыйзамга, Жогорку окуу жайларды менчиктештирүүгө каршы экендиктерин билдиришти. Саясат таануучу Жолборс Жоробеков болсо азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын колдоп, Коомдук парламент --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/B9101986-020C-4DFE-951E-A218899327DC.ASP коомчулукту алагды кылып курулай демилге көтөрүү менен алек болууда деп эсептейт.

Коомдук парламенттин сессиясында белгилүү коомдук ишмер Мирослав Ниязов Кыргызстандын жаңы өнүгүү концепциясы боюнча кеңири маалымат берип, өлкөнү артка тартып жаткан негизги маселе башкаруу системасынын начардыгы экенин белгиледи.

- Мына биздеги президенттер 15 жыл аралыгында коррупцияга, жаман иштерге аралашып кетишти. Бул жалаң эле президенттердин күнөөлөрү эмес. Бул азыркы бийликтин башкаруу системасынын күнөөсү болуп жатпайбы. Анткени бийликтин бүт бардык бутактарын алардын колуна берип салгандан кийин алар албетте бузулушат да. Ошондуктан президенттин бийлигине чек коюш керек.

Мындай жолдон чыгуунун жолу облус губернаторлорун шайлап, алардын жоопкерчилигин шайлоочулардын алдында жогорулатуу, элдин демилгесин көтөрүү үчүн жер-жерлерде облустук кеңештерди кайрадан түзүп, алардын ишмердүүлүгүн көтөрүү керек, - дейт Ниязов. Анын пикиринде облустук кеңештер өздөрү тандаган депутаттардан Жогорку Кеңештин курамын түзүп, премьер-министрдин кызматын жоюп, анын милдетин президент кошо алып аткаруу бийлигине да жоопкерчиликтүү болууга тийиш.



Саясий партиялар, Башмыйзам тууралуу көз карашын билдирген Ниязов, Борбордук шайлоо комиссиясын көз карандысыз орган кылып түзүү зарылчылыгы келип чыкканын белгиледи.

-БШК канчалаган элдин кыжырын, канын кайнаткан орган болуп калды. Буларга эл ишенбей калды. Менин оюмча эл ишенимин кайра кайтарыш үчүн БШКнын мүчөлөрү ошол облустардан жер жерлерден эл ишенип көрсөткөн өкүлдөрдөн куралышы керек. Анткени өткөн жылдагы референдум, парламентке шайлоо абдан ыпылас жол менен одоно мыйзам бузуулар менен кошотолгонуна бардыгыбыз эле күбө болбодукпу. Азыркы БШК ыпылас бийликтин саясатын колдоп, булар элди кагыштырып, өтө оор акыбалга келтирип коюшу мүмкүн. Ошондуктан президентке көз каранды эмес, бийликке көз каранды эмес өзүнчө комиссия болушу керек, - деди Ниязов.

Ал эми саясат таануучу Жолборс Жоробеков болсо азыркы бийлик жүргүзүп жаткан саясат туура экендигин, учурда саясий тирешүүлөрдү токтотуп экономиканы көтөрүү зарылдыгын айтты.

- Эми Коомдук парламенттин бүгүн козгоп жаткан маселелерине мен минтип айтаар элем: «Салаарга кушум да жок, айтаарга сөзүм да жок» дегендей. Бул эми элди козутуп эле бирдеме деп айтыш керек деген ойго келдим. Албетте идеалдуу түрдөгү башкаруу формасы жок. Бирок бизде, биз сыяктуу мамлекеттерде азыр кескин бир кадамдарды жасабастан, экономикалык өнүгүүгө басым жасашы керек. Ал эми азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын карап туруп, азыркы биздин бараткан жолубуз эң туура деп ойлойм.

Жоробеков белгилегендей өлкөдө күчтүү бийлик болгондо гана Орусия, Казакстан мамлекеттери сыяктуу өнүгүүгө шарт түзүлөт.



«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев болсо Коомдук парламент мамлекеттик бийликти күч менен энчилеп алууну максат кылбаганын белгиледи. Анын көз карашында Коомдук парламент ар кандай көз караштагы саясатчылардын башын кошуп, актуалдуу маселелер боюнча ой-пикирлерин айтып, мүмкүн болсо бир пикирге келтирүүчү институт катары калыптанып келатат.

- Коомдук парламент тигил, же бул маселелерди талкуулап, элге алып чыгып коомдун күн тартибине коюучу орган. Анткени өкмөт көп маселелерди жең ичинен чечип койгон учурлар көп болуп атат. Көп маселелерди «Ак жол» партиясы үстөмдүк кылган парламентке алып чыкпастан, менчиктештирүү маселеси өкмөттүн өзүндө гана чечилгени жатат. Мына ушундай маселелерге сак болуп эгер көргөн болсок, уккан болсок ошону биз пикир бөлүшүп коомчулукка алып чыгуу керек деп эсептейбиз

Коомдук парламенттин сессиясында Азык-түлүк коопсуздугу боюнча доклад жасаган белгилүү экономист Айылчы Сарыбаев өкмөттүн бул багыттагы ишин канааттандырарлык эмес деп таап, өкмөттү отставкага кетирүү керектигин сунуштады.

Түштүк аймагы боюнча сөз сүйлөгөн Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев чегара маселесин тез арада чечүү, жылма миграцияны токтотуу, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу зарылдыгын айтты.

Сессияда Жогорку окуу жайларын менчиктештирүүгө каршы пикирлер айтылып, Түп районундагы жөө жүрүшкө чыккандарды ур-токмокко алдырып, чагым уюштурууга тиешеси бар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жоопко тартуу сунушталды.



Сессия соңунда курамы 15 адамдан турган Коомдук парламенттин президиуму түзүлдү. Ошондой эле белгилүү коомдук ишмер Айылчы Сарыбаев башында турган экономика жана социалдык маселелер боюнча комиссия, экинчиси адам укуктары боюнча комиссия да түзүлдү. «Асаба» партиясынын төрагасы Советбек Жамалидинов , укук коргоочу Максим Кулешов, Чүй облусунун Сайлык айыл өкмөтүнүн башчысы жана башка дагы үч адам Коомдук парламентке мүчөлүккө кабыл алынды.

Айрым байкоочулар оппозиция өз ара келише албай, эл ишениминен кетип баратат деген көз караштарын билдиришүүдө. «Акыйкат үчүн» кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкулов тескерисинче оппозициянын катарына кирген адамдардын саны күн санап өсүп жатканын белгиледи.
XS
SM
MD
LG