Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун бүгүн Мьянмага жол тартты


Ал бул өлкөнүн аскерий жетекчилигин үч апта мурдагы күчтүү урагандан жабыр тарткан адамдарды сактоо боюнча кеңири масштабдуу операцияга макул болууга ынандыруу аракетин жасамакчы. Үч апта мурдагы жаратылыш кырсыгынан каза тапкандардын саны 78 миңге жетет, дагы 50 миң киши дайынсыз жоголду деп эсептелүүдө. Жүз миңдеген адамдар үй –жайсыз калды, ичүүчү сууга жана азык–түлүккө муктаж. Мьянманы башкарган аскерий хунтанын бул кырсыкка байланыштуу чет элдик жардамдын келишине чектөө киргизгени көп мамлекеттердин нааразылыгын жаратты. Башкатчы Пан Ги Мун өлкө борбору Янгонго эртең келери күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG