Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:42

АКШ Иранга чабуул жасалат деген маалыматты төгүндөдү


Ак үйдүн басма сөз катчысы Дана Перино муну "ал жазылган кагазга да арзыбаган маалымат" деп атады. АКШ президенти Жорж Буш Иранга 2009-жылдын январында кызмат мөөнөтү аяктаганга чейин кол салууга ниеттенүүдө деген кабарды өткөн аптада Жорж Буштун Израилдеги сапары аяктаган соң ушул өлкөдө чыгуучу "Иерусалим Пост" гезити аты аталбаган булактарга шилтеме берип, жарыялаган эле. Ак үйдүн өкүлүнүн айтымында, АКШ жана анын өнөктөштөрү Ирандын өзөктүк куралга ээ болуу мүдөөсүнө каршы, бирок анын өзөктүк программасына байланышкан талаш маселе тынч жана дипломатиялык жол менен чечилет деген үмүттө.

XS
SM
MD
LG