Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

АКШда Демократиялык партиядан президенттикке талапкер болууну көздөгөн эки сенатордун күрөшү аяктай албай жатат


Сенатор Барак Обама Демократиялык партиядан АКШ президенттигине талапкер болуу укугун алууга жакындап калганын билдирүүдө. Ал бул тууралуу кечээ Орегон штатында өткөн ички партиялык шайлоодо, атаандашы сенатор Хиллари Клинтонду жеңген соң айтты. Ал бул штатта 58 %, Клинтон 42 % добуш топтоду. Ушул эле күнү Кентукки штатында болгон баштапкы шайлоодо Клинтон добуштардын 65%ын топтоп, 30 % алган Обаманы артка калтырды жана жарыштан чыкпасын билдирүүдө. Демократиялык партиянын президенттикке талапкери августа өтүүчү жалпы улуттук курултайда аныкталчудай. Анда талапкерлер баштапкы шайлоонун жүрүшүндө топтогон делегаттар менен катар көбүнесе партиялык расмий өкүлдөрдөн турган "суперделегаттар" добуш беришет. Ал эми демократтардын атаандашы Республикалык партиянын талапкери аныкталган. Ал - сенатор Жон МакКейн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG