Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

БАРСКООН КЫРСЫГЫНЫН КЕСЕПЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ


Мындан 10 жыл мурда 1998-жылдын 20-майында “Кумтөр” алтын кенине цианид тартып бараткан автоунаа Барскоон --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/F1A685D4-C597-4147-BD1C-7BA1AD6C34DD.asp суусунан өтүп баратып аварияга учураган. Анын натыйжасында цианид сууга төгүлүп, Ысыккөлгө жеткен. Мунун аркасында Жетиөгүз аймагында экологиялык чоң кырсык болуп, бир нече адамдар каза болгон. 20-майда Барскоондо мына ошол окуя жана анын кесепеттери тууралуу талкуу болду.

Шаркырап аккан Барскоон суусуна мындан туптуура 10 жыл мурда канадалыктардын цианиди төгүлгөн. Айылдын эң башындагы көпүрөдөн эки машина кагышып, эки тоннадай жегич газы бүтүндөй айылга кеткен сууну уулантып, 2600 киши катуу жабыркап, анын залакасынан 10 жыл аралыгында миңге чукул адам каза болгону айтылып келатат.

Барскоон айылынын маданият үйүндө өткөрүлгөн экологиялык кырсыктын 10 жылдыгында Тосор, Тамга, Барскоон, Кичи жана Чоң Жаргылчак айыл жашоочуларынын ууланганынан кийинки оор абалы жөнүндөгү ачыкка чыкпаган тасма көрсөтүлдү. Анда “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева Кыргызстандын алтынын казып аткан канадалыктардын тоготпостугун жети жыл жиреп өтүп, 4 млн. доллар компенсацияны кантип өндүрүлгөнү, бийлик башчыларын өз элине кайдыгер мамилесин сыпатады.

Форумда сөз алган Жетиөгүз районунун мурдагы акими, “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев алгачкы компенсацияны аким катары 2003-жылдары эле козгогонун жана ал үчүн ошондогу бийликке жаман көргөнүн белгилеп, Кыргызстандын алтынынан 2 миллиарддай доллар киреше өндүрүп аткан “Кумтөр” кенинин жанындагы айылдык маданият үйү жана айылдын начар абалын кескин сынга алды. Ошондуктан Канада менен түзүлгөн келишим жеке кызыкчылыкка гана байланышкан дейт:

- Компания түзүлгөндө эле ошондой түзүлгөн, алдап алтынды алып кетели, элдин байлыгын жеп кетели деп. Дүйнөдөгү эң чоң кен байлык 950 тонна алтыны менен 450 тонна гос.запас деп бекитилген, - деди Коомдук парламенттин мүчөсү Эмилбек Каптагаев.

Жетиөгүз районунун акиминин орунбасары Канатбек Супатаев болсо, цианиддин залалынан ооруп каза болгондор боюнча дарыгер Бактыгүл Иманкожоеванын маалыматына ынанбагандай мындай деди:

- СЦМди деле алып көрдүм, Жаргылчак менен силердин айылыңарды салыштырып көрсөм, Жаргылчак айылында көбүрөөк болуп атат.

Канатбек Супатаевдин мындай билдирүүсүнөн кийин беш айыл “Кумтөргө” сатылгандар жана “Карек” уюмуна жамынгандар деп экиге бөлүнүп ырк бузулуп кеткени боюнча суроолор көп болду. Ал тургай форум башталаарда аны өткөртпөйбүз деген жаштар чогулуп жүрдү. Алар качан гана райондук бийликтин өкүлдөрү катышкандан кийин тарап кетти.

Майор, милициялар, прокурор жана ички иштер бөлүмүнүн начальниги бул форумду жана ага катышкандарды толук тасмага түшүрүп жүрдү. Ушул кырдаалды көргөн “Акыл ордо” кеңешинин негиздөөчүсү Таалайбек Абдылдаев мындай дейт:

- Буга катыштыргысы келбеген адамдар болуп атат. Эгерде ушинтип чектөө кое берсек элибизди манкурт кылып алабыз. Элдик бийликтин бир бутагын жаратышыбыз керек болуп атат.

Таалай Абдылдаев 25-май күнү “Акыл ордонун” ынтымак марафон жүрүшү адегенде Аксуу районунан баштала турганын чечмелеп, элди ага чакырды. Чогулган эл форумдун аягында “Центера голд” компаниясы менен өкмөттүк комиссиянын расмий убадалары боюнча компенсация катары бөлүнгөн 28 млн. сомдун бир жылдан берилбей келатканына нааразыланып, өкмөт аны 26-майга чечсин деген мөөнөт берди:

- Болду, жол жабабыз 26-майда, жапмайынча акчаны бербейт. Эмнеге мыйзам бузуу болот, өз укугубузду өзүбүз колдойбуз.

Болот Асаналиевдин “Кумтөр” жолун торойбуз деген сунушу көпчүлүктөн колдоо таап, ал форумга келбей койгон “Кумтөр” ишкана жетекчилерине жолдонду. Ал эми канадалыктарга форумга келбей койгон “Кумтөрдөгү” жаңы ачылчу үч алтын кенди бербөөгө, ошондой эле беш айылда Граждандык комитеттен башка бийлик жана “Кумтөр” түзгөн жумушчу борборлорду жокко чыгаруу боюнча кайрылуу иштелип чыкты.

XS
SM
MD
LG