Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

Азербайжандын президенти Илхам Алиев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/2210AAA6-82F1-4478-9C0D-989419E0D9A7.asp ушул аптада Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүү жүргүзүп, "ортодогу бардык маселелер чечилди" деп жарыялады. Ошондо, Бакы калаасындагы сүйлөшүүдө кандай макулдашуулар жетишилди?

Бакы сүйлөшүүсүндө айдан ачык жылыш болбогон болушу мүмкүн, бирок бир кездеги өчөшкөн Азербайжан менен Түркмөнстандын ортосунда "муз эрий " баштаганында шек жок.

Эки өлкөнүн президенти тең эки жак үчүн бирдей келечектүү алакаларда "жаңы баскыч жетишилди" деп жар салышты. Кабарчылар менен баарлашканда Илхам Алиев да, Гурбангулы Бердымухамедов да "бир тууган элдер", "жалпы кызыкчылыктар" деген сөздөрдү тартынбай колдонуп жатышты.

Бул түркмөн президентинин Азербайжанга 1996-жылдан бери биринчи жолу барышы. Бердымухамедов конок тосуучу тарапка жогору баа берип, Бакы өкмөтүнүн 44 миллион доллардык карызы кечилээрин бышыктады.

Ал ошондой эле "миңдеген жылдардан берки терең байланыштарды дагы тереңдетүүнүн зарылчылыгы баса белгиленгенин бышыктады.

Ошол эле убакта Түркмөнстандан Каспий деңизи аркылуу Азербайжанга өтүүчү газ кууру тууралуу сөз кылганда, президенттер конкреттүү убада жасашкан жок. Каспий деңизинде эки өлкөнүн так ортосунда жайгашкан 3 талаштуу кен тууралуу да сөз болгон жок.

Бул маселелердин башын ачыш үчүн алгач Каспийдин деңиз же көл экендигин тактап алыш керек. Анткени эгер ал "көл" деп табылса, анын жээгиндеги мамлекеттер өз тарабындагы кендерди каалагандай өндүрө алат. Бирок Каспий "деңиз" болуп чыкса, анын кен байлыктарын бардык беш мамлекет бирге колдонуп, пайдасын тең бөлүшүшү керек. Ушуга байланыштуу Бердымухаммедов буларды айтты:

-Каспийдин мыйзамдык макамын аныктап, тийиштүү келишим түзүү бардык жээктеш мамлекеттер үчүн чечүүчү мааниге ээ.

Алиев да Түркмөнстан менен Азербайжан бул жаатта жемиштүү кызматташса, маселе толугу менен чечилээрин белгиледи.

Мындан тышкары эки өлкөнүн президенттери сентябрь айында "Түркмөнстан менен Азербайжандын мунай-газы" деген темада конференция өткөрүүгө макулдашышты. Эки тараптын дипломаттары да ат тезегин кургатпай бири-бирине каттап тура турган болушту.

Бул эки өлкөнүн алакасындагы оңолууга Кошмо Штаттары менен Европа Биримдиги үмүттүү байкоо жүргүзүп турган чак. Себеби алар жана Борбор Азиядан мунай-газдын ташылышына болгон Орусиянын үстөмдүгүн чектөөнү көздөгөн башка тараптар "Азербайжан менен Түркмөнстан ынтымакташса, Каспий аркылуу ташуу жолу курулуп калса" дегенде ак эткенден так этип турушат.
XS
SM
MD
LG