Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

21-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш комитети “Саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы” деген мыйзам долбоорун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/79D9B210-4A77-46D6-A1BA-0DDCE5E8B807.asp талкуулап, аны парламенттин биринчи окуудагы кароосуна сунуш кылды. Бирок бир катар саясий партиялардын өкүлдөрү аны кабыл алууга каршы.

Парламенттин аталган комитетинин жыйынтыгы боюнча мыйзам жаңы Конституцияга, тактап айтканда, мыйзам чыгаруу бийлигин партиялык система менен шайлоо жобосуна ылайык даярдалып, саясий партияларды түзүү үчүн бир топ талаптарды аткаруу зарылдыгын белгилейт.

Маселен, партияны түзүү үчүн аны уюштуруу курултайына ар бир облус жана Бишкек, Ош шаарларынан 50дөн кем эмес демилгечинин катышышы, мүчөсүнүн саны 1800дөн кем болбошу, анын ичинде региондордогу мүчөлөрүнүн саны 200дөн ашык болушу башкы талап. Андан тышкары программасын тактап, аны аткарбай койсо партияны каттоого алган мамлекеттик орган ишин токтотом десе ага макул болууга милдеттүү.

Мыйзам долбоорун даярдаган төрт депутаттын бири Исхак Масалиевдин айтымында, мындай жоболор саясий партиялардын санын кыскартып, сапаттык өсүшкө өбөлгө түзөт:

- Санын азайышы мүмкүн, бирок сапатын көтөрөбүз.

Анткен менен бул мыйзам долбоорун кабыл алууга Кыргызстандагы башка саясий партиялардын көбү каршы. Алардын бири, “Ар намыс” партиясынын төрагасынын орунбасары Эмил Алиев бул мыйзам бир партиянын үстөмдүгүн камсыз кылуу максаты менен даярдалды, ошон үчүн башка партиялардын талкууга катышуусуна да мүмкүнчүлүк берилген жок дейт:

-Долбоор менен таанышкан жокпуз. Азыр Жогорку Кеңешпи же башка бийликпи ишти ошентип алып барышат. Өздөрүнө керектүү адамдарды чакырып алып, көп кишилерге билгизбейт. Муну менен “Ак жол “ партиясына бүт шартты түзүп берген жатат.

Мыйзам долбоору боюнча буга чейин атайын угуу өткөргөн бир катар саясий партия өкүлдөрүнүн нааразылыгын Жогорку Кеңешке шайлоодо жеңишке жеткен партия мамлекеттик бюджеттен каржылоо катары мамлекеттик колдоо алат деген жобо жараткан.

“Таза коом” партиясынын төрагасынын орун басары Табылды Акеровдун айтымында, бул мыйзам кабыл алынса, өлкөдөгү бир топ саясий кармаштардын башы болушу ажеп эмес. Анткени парламенттеги көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” партиясы бул жобо менен өзүн бийлик жүргүзүүчү партияга айландырып, коомдогу саясий турумун бекемдегиси келип жатат. Себеби:

-Себеп дегенде “Ак жол” партиясын бийлик гана партия катары эсептебесе көпчүлүк жерде бул партияга элдин жан тартуусу байкалбайт. Анткени, булар өзүн элдик партия катары санаган менен элге каршы иштерди жасап жатат. Маселен, мурдагы бийликтен калган өндүрүштүк жайларды менчиктештирүүгө алып барып, элге каршы “сат, сат” саясатын жүргүзүп жатат. Эл булардан алыстап, оппозиция маанайдагы же социалисттик, социал-демократиялык партияларга көңүл буруп жатышат. Ошон үчүн “Ак жол” өзүнүн турумун бекемдөө үчүн ушундай чечимдерге барып жатат, себеби күзүндө жергиликтүү бийлик органдарына шайлоо болот.

“Ак жол” партиясынын депутаты Максат Кунакунов болсо мыйзам кабыл алына электе эле мындай карама-каршылыкты жаратуу орунсуз, себеби мыйзамды талкуулоо мезгилинде долбоор далай өзгөртүлөт дейт:

- Анткени, мыйзам али чыга элек. Аны азыр жаңы гана талкуулоолор болуп, ар кандай өзгөрүүлөр болуп жатат. Кандай өзгөрүүлөр болору али белгисиз. Андан кийин гана үстөмдук болуп жатат деп айтыш керек да! Ага чейин эле айта берген туура эмес деп ойлойм.

Бирок айрым саясат талдоочулар бул мыйзам кабыл алынса, бийликке каршы турган кландык негиздеги саясий күчтөрдү көбөйтүшү жана күчтөнтүшү мүмкүн деп божомолдой башташты. Алардын баамында, буга Ысыккөлдө “Акыл ордо” кеңешинин жана жалаң тартип коргоо тармагында иштеген адамдардын “Демократиялык ордо союзу” сыяктуу топторду түзүшү жакшы мисал.
XS
SM
MD
LG