Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

Быйыл адеп түзүлгөнүнө он эки жылга аяк баскан Шанхай Кызматташтык Уюму - тарыхый чен өлчөмдөн алганда жаш бирикме. Башында чек араларда ишеним орнотууну көздөгөн уюмдун кийинки мүдөө-максаттары, ишинин натыйжалуулугу, Кытай жана Орусиянын гана кызыкчылыгы үстөмдүк кылып калганы же Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да пайдалуулугу боюнча түрдүү көз караштар айтылып, талкуулар жүрүп келүүдө. ШКУ --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/8B61829F-563A-462F-B086-A7EE6760C530.asp боюнча ушул аптада Астанада да конференция өттү.

Борбор Азиянын төрт өлкөсү менен катар Орусия жана Кытайдын башын бириктирген ШКУну батыштык айрым эксперттер "Чыгыштын НАТОсу" деп мүнөздөшкөнү менен анын мүчөлөрүнүн бири экинчиси менен кеп–кеңешпестен туруп эле өз алдынча чечим кабыл алуусун улантууда.

Ириде Кытай менен Орусиянын алакасынан тынчызданган Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментиндеги расмий өкүлдөрдүн айтымында, Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында жасалган билдирүүлөр эмес, ал мүчөлөр ортосундагы кызматташтыкты колдоо үчүн эмне жасап жатканы маанилүү. АКШнын кээ бир расмий адамдары ШКУда ушул эки өлкө үстөмдүк кылгандыктан, алар калган мүчөлөрдүн да суверенитетин чын эле бекемдеп жатканынан шек санашат.

ШКУ геосаясий күрөштөрдүн курмандыгы болуп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн көз карандысыздыгын тескерисинче алсыратып жатканын айрым эксперттер да айтышат. Бирок Стратегиялык изилдөөлөр боюнча Лондондогу институттун кызматкери Оксана Антоненко мындайга макул эмес. Анын көз карашында, ШКУ - Борбор Азия үчүн өтө пайдалуу уюм:

-Орусия менен Кытай аскерий жана экономикалык кубатынын чоңдугунан улам гана Шанхай Кызматташтык Уюмунда үстөмдүк кылган державалар экени анык. Бирок, менимче, иш жүзүндө ШКУда бир, атүгүл эки оюнчу да бийлик кылбайт. Бул Борбор Азия үчүн өтө пайдалуу, себеби ал аймактын чакан өлкөлөрү өз кызыкчылыктарын күн тартибине алып чыгып, Орусия жана Кытай сындуу өлкөлөр тарабынан урматталышына мүмкүндүк берген жалгыз платформа. Муну Орусия жана Кытайдын кимиси болбосун, эки тараптуу мамиленин алкагында чечүү алар үчүн өтө кыйынга турмак.

Стратегиялык изилдөөлөр боюнча Лондондогу институттун эксперти Оксана Антоненко кошумчалагандай, ШКУнун саммитинде кабыл алынып келген чечимдер багыт берүүчү гана принциптер. Ага мүчө өлкөлөрдүн баары бир саясатты гана карманат деп күтүү реалдуу эмес:

-Менимче анын мүчөлөрү биринчи кезекте өзүнүн гана саясатын карманары таң калыштуу эмес. Мүмкүн болгон деңгээлде алар аракеттерин координациялоого, кызыкчылыктарын бириктирүүгө умтулушат. Орусия жана Кытай сындуу өлкөлөрдө көп учурда өзгөчө мүдөөлөрү бар. Демек, алар биринчи кезекте өз кызыкчылыгын көздөшөт. Атүгүл НАТО же Евробиримдик өңдүү уюмдарда мүчө өлкөлөр бирикменин жалпы кызыкчылыгына шайкеш келбеген өз кызыкчылыктарын карманышат.

Ушул апта башында Астанада "ШКУ – Аймактык кызматташтыктын заманбап үлгүсү" деген аталыштагы конференция өттү. Уюмдун башкатчысы Болат Нургалиевдин ушул жыйында билдиргенине караганда, учурда башка өлкөлөрдү да толук кандуу мүчөлүккө кабыл алуунун критерийлери иштелүүдө. Мүчөлүккө арыз Индия, Пакистан, Иран, Монголия сындуу өлкөлөрдөн түшкөн. Азыр алар ШКУнун отурумдарына байкоочусу статусунда катышып келүүдө.

Болат Нургалиев белгилегендей, байкоочу болуу мүдөөсүн башка бир катар өлкөлөр, анын ичинде Ооганстан да билдирген. ШКУга мүчө же байкоочу болууга көп өлкөлөрдүн умтулуп жатканы, Стратегиялык изилдөөлөр боюнча Лондондогу институттун эксперти Оксана Антоненконун көз карашында, уюмда Кытай жана Орусия үстөмдүк кылбаганынын күбөсү.

Анткен менен кээ бир экспеттер ШКУда АКШга, жок дегенде анын тышкы саясатына каршы туруу максаты бар деп эсептешет. АКШдагы аскер-согуш колледжинин Стратегиялык изилдөөлөр боюнча институтунун профессору Стивен Бланк "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде белгилегендей, ШКУнун алкагындагы аскерий машыгуулардын күчөшү ал Борбор Азиядагы террор коркунучуна караганда, Тайван же Түндүк Корея менен чыгып кетиши ыктымал согуштардан көбүрөөк тынчызданганын көргөзүүдө:

-ШКУнун өкүлдөрү үчүнчү өлкөгө же тарапка каршы багытталган эмеспиз деп ар убак айтышканы менен сиз алардын 2001-жылдан берки комюникелерин карасаңыз, атүгүл ага чейинки орус–кытай комюникесин карасаңыз алар АКШ каршы багытталган тышкы саясий билдирүүлөргө шыкалган. Бул аскерий машыгуулар кеңейүүдө. Көптөгөн эксперттер ал антитеррордук деп аталган иштер, атүгүл Борбор Азия менен гана чектелгенине ишенишпейт.

АКШ жана ШКУ демекчи өткөн аптада эле Конгрессте мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучерге Вашингтондун ШКУ жана Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилеси жөнүндөгү суроолорго жооп берүүгө туура келди:

- Биздин аймактагы саясатыбыз Борбор Азиянын беш өлкөсү суверендүү жана көз карандысыз мамлекеттер, алар менен биз маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча көп багыттуу алканы карманышыбыз керек деген шартка гана бекем негизделген. Биздин саясат - Борбор азиялыктардын өз ара алакасына басым жасоо. Биз бул жерде, айрымдар айткандай, "Улуу оюнду" жүргүзүшүбүз же башка державалар менен ойношубуз керек эмес. Биз аймактагы өлкөлөрдүн ар бири менен алардын өз жолуна ылайык иштешүүбүз, мүмкүнчүлүк жана шарт тартуулообуз абзел. Биздин аймактагы жалпы максатыбыз айдан ачык. Биз суверендүү, стабилдүү жана демократиялык, адам укуктарын урматтаган өлкөлөрдүн өнүгүүсүн колдоого умтулабыз. Биз ошондой эле алар дүйнөлүк экономикага интеграциялануусун, Кошмо штаттар жана биздин өнөктөштөр менен кызматташуусун, аймактык коопсуздукту жана стабилдүлүктү чыңдоосун да каалайбыз.

Бул аралыкта ШКУда үстөмдүк кылат деген өлкөлөрдүн бири - Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев алгачкы тышкы саясий сапарын апта соңунда Казакстан жана Кытайдан баштаган жатат. Андан кийин гана Германияга бармакчы.

Москванын Батыш жана АКШ менен мамилеси бузулуп турган шартта анын чү дегенде эле Казакстан менен Кытайга барышы Орусия үчүн башка маанилүү өнөктөштөр да бар экенин көргөзүүнүн ыкмасы катары да каралууда. Орус президентинин адегенде эле Астанага келүүсү Казакстан азыр Орусиянын КМШ боюнча эң баалуу жана татыктуу өнөктөшү деген аргументтерди да бекемдөөдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG