Линктер

ишемби, 25-март, 2017 Бишкек убактысы 20:00

Грузияда парламенттик шайлоодо президенттин партиясы алдыда баратат


Грузиядагы парламенттик шайлоодо президенттин партиясы олуттуу айырма менен жеңишке жетчүдөй. Борбордук шайлоо комиссиясы Михаил Саакашвилинин партиясы шайлоочулардын алтымыш бир пайыздан ашыгыраак добушун, Бириккен оппозицияга он беш пайызга чукул добушун алганын айтууда. Оппозиция өкүлдөрү, шайлоодо мыйзам бузуулар орун алганы үчүн бийликти айыптап чыгышты. Тбилисиде добуш берүү аяктаган соң оппозициянын миңдей тарапкерлери нааразылык иш-чарага чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG