Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Саясий партиялар боюнча мыйзам долбоору --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/B5F8C54B-6EE6-48FC-91B6-8C2A5AA06E63.ASP тууралуу “Азаттык” үналгысына парламент депутаты, бул долбоордун авторлорунун бири Исхак Масалиев маек куруп берди.

-Исхак мырза, бул долбоордогу негизги өзгөчөлүктөр кайсылар? Алгач ушул тууралуу айтып берсеңиз.

-Бул долбоордо биринчиден саясий партия деген түшүнүк берилип жатат. Андан тышкары учурда кандай шарт менен, демилгечилердин канча саны менен партия түзүлөт. Кайсы убакытта түзөтүш керек? Мисалы, бүгүнкү күндө азыркы мыйзам боюнча он киши жыйналып туруп эле партия түзүп койгонго толук укук бар. Ал эми биз киргизип жаткан долбоордо партияга демилгечи болуп он киши боло алат, ал эми партияны түзүш үчүн уюштуруучулар съездине сөзсүз ар бир облустардан жана Бишкек, Ош шаарларынан өкүлдөр катышыш керек.

Партияга мүчөлөрдүн жалпы саны 1800 адамдан кем эмес болушу керек. Себеби биз ар бир региондон сөзсүз 200дөн кем эмес мүчөлөрү болуш керек деген талап коюп жатабыз. Ушундай өзгөрүүлөрдөн тышкары каржылоо жөнүндө деле сунуш болуп жатат. Ал бир беренеде эгерде партия парламентке өтсө, бюджеттен ушул партияга каржылоо ачылсын деген сунуш берип жатабыз.

-Ошол партияны мамлекеттик бюджеттен каржылоонун кандай зарылчылыгы бар?

-Эми бул жерде чынын айтканда бүгүнкү күндө биздин шартыбызга анча деле жарашпаган кадам болуп жатат. Бирок бир топ дүйнөлүк мамлекеттерде ушундай тажрыйба бар экен, парламентке өткөн партияга кандайдыр бир компенсация, же кандайдыр бир максат менен берилет экен. Бул партиялык шайлоого барганда бир топ каражат кетет да. Бул эми компенсация сыяктуу.

-Ушул жобо бир топ саясатчылардын арасында каршы пикирлерди жаратып, ал кийин саясий чатактарга себеп болушу мүмкүн дегендей пикирлерди айтып жатышат.

-Бул жерде бир топ каршылык бар. Мен айтып жатам го, бул жерде чынында маселе бар. Муну эми талкууласак болот. Балким сессияда чыкканда бул беренени алып таштайбызбы, дже өзгөртөбүзбү. Бирок бүгүнкү күндө ал тууралуу сөз болгондо биз мындай сунуш киргизгенбиз: балким ушул беренесине мыйзам кабыл алган күндө деле кийинки шайлоодон баштап иштей баштасын деген ой бар. Балким кийинки 2012-жылы өтө турган шайлоодо иштеп калсын деген ой бар. Бул маселе боюнча биздин коомдо чыр болуп жатат, кичине түшүнбөстүктөр болуп жатат. Муну сүйлөшсө болот.

-Исхак мырза, мына ушул ошол эле учурда башка саясий партиялардын өкүлдөрү бул долбоор демократияга каршы келерин, ал бир партиянын үстөмдүгүн камсыз кылуу максатында гана даярдалып жатышканын айтышууда.

-Жок, мен бул пикирлерге кошулбайм. Бул жалпы партияларга бардыгына бирдей тийиштүү болуп жатпайбы. Ал эми каржылоо эч качан себеп боло албайт. Биринчиден, каржылоо кайсы деңгээлде деген суроо болуш керек. Эми эртең жарым бюджетти партиялар бөлүп алат, деген ойдон алыс болуш керек да. Бул формалдуу түрдөгү каржылоо болот, мисалы гезит чыгарганда аз эле болот. Ал жөнүндө сүйлөшө элек болчук, ой деле айтылган жок. Ошондуктан мен ага кошулбайт элем. Бул аз-маз этикалык нормага туура келбеши мүмкүн, бирок бул каржылоодон эч кандай таасир болбойт.

Эгерде бийликтин партиясы түзүлсө, ал бир күндө эле өз чөнтөгү жана өз бийлиги менен толугу менен каржылап алат. Ага бюджеттин акчасы кереги жок. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бийликтин партиясы экинчи жолу түзүлүп жатат. Ал түзүү принциптери таптакыр башка. Жеке президентке ишенген адамдар топтолуп, ошону колдоочулар тез эле табылып жатпайбы. Керек болсо өздөрү акчаны партияга көтөрүп келишет.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG