Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

13:08 Жогорку Кеңеште уурдалган жаңгак уюлдарын парламенттин имаратын оңдоп-түзөөгө пайдалануу маселеси талкууланууда


Төрага Адахан Мадумаров парламенттин имаратын ремонттоо маселе президент менен макулдашылганын белгилеп, бирок ага президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов каршы чыгып, маселени саясатка айлантып жактанын билдирди. “Бул киши мурунку бийликтин да түбүнө жеткен. Ушундай интрига менен бара берсе, азыркы бийликтин да түбүнө жетет”,-деп белгиледи Мадумаров. Төрага “Ак жол” фракциянын башчысы Элмира Ибраимованы “Садыркуловдун чапанына жашынып, айрым депутаттарды коркутуп-үндөөнү” токтотууга чакырды.Өз кезегинде Элмира Ибраимова кечирим суроону төрагадан талап кылды. Ага жооп кылган Мадумаров кайсы сотто болбосун жооп берүүгө даярдыгын билдирди.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG