Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Өлкөдөгү диний абалга --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/05/58FF7E3A-AED8-4E62-872E-81C690F495AC.asp байланыштуу “Азаттык” үналгысына Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиев маек куруп берди.

-Каныбек мырза, кабарыңыз болсо керек, Нарындын Куланак айылында Евангелисттик христиан баптисттер жыйынынын бир мүчөсүнүн уулу кайтыш болуп, бирок жергиликтүү калк аны ошол жердеги көрүстөнгө коюуга каршы чыгып жатканы айтылууда. Бул маселе кандай чечилүүдө?

-Ооба, туура айтасыз, Нарын районуна караштуу Куланак айылында 14 жашар баланын сөөгүн жерге коюу маселеси боюнча динге байланышкан бир топ пикир келишпестиктер болуп жаткандыгы ырас. Бүгүнкү күндө ал чечилүүнүн алдында турат. Анын ата-энеси Евангелисттик христиан багытындагы, анын ичинен Баптисттер конфенциясына кирип кеткен экен. Элдин пикирин дагы сөзсүз эске алыш керек.

2-3 жыл мурун атайын Евангелисттик христиандарга деп бөлүнгөн жер бар экен. Бизге жеткен маалымат боюнча кандайдыр бир себептер менен ошол жерге коюудан ата-энеси баш тартып жаткан экен. Мусулмандардын күмбөзүн сурап жатышкан экен. Бирок бул маселени эки тараптын тең көз карашын бири-бирине жакындаштыруу аркылуу чечүүнү сунуш кылып отурабыз.

-Айрым талдоочулар бул окуя өлкөдө диний келишпестиктин жаңы бутагы күч алып баратканын көрсөтүп жатканын айтышууда. Сиздин оюңузча мындай келишпестиктер, карама-каршылыктар мындан ары дагы күчөп кетпейби, аны алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүшү керек?

-Биринчиден, мындай келишпестиктер буга чейин бирин-экин болуп келген. Биз муну локалдык багытка ээ болгон маселе деп эсептейбиз. Бирок маселени чечүүнүн бирден-бир жолу – бул динге өткөн жарандардын, динди кармаган жарандардын диндин өздөрүнүн салты, талабы боюнча ушундай маселени ошого ылайыктап чечүүгө макул болуп, моюн сунуусун айтаар элек. Эң негизги маселе - биз элдин сабаттуулугунун, дин боюнча көз карашынын калыптануусун камсыз кылышыбыз керек.

-Парламент жакында дин эркиндиги боюнча мыйзам долбоорун карашы кабарланууда. Бул долбоордо кандай өзгөчөлүктөр бар?

-Мыйзам долбоору бизге маалым, себеби биз өзүбүз иштеп жатканбыз. Бул мыйзамга ылайык бүгүнкү күндө Кыргызстан дин тутумдарынын, дин уюмдарынын өзүнчө бир полигону болуп калганын жашырбашыбыз керек. Ошол дүйнө жүзүндө орун алган салттуу конфенциялардын бардык өкүлчүлүктөрү, диний уюмдары биздин Кыргызстанда ачылган. Алардын саны 2 миңден ашуун. Бардык конфенциялар бар. Ошондуктан жогоруда айтылгандай Нарында болуп жаткан окуялар дагы буга күбө.

Чын эле Кыргызстан көп конфенциялуу өлкө болуп калды. Мунун конституциялык норма камсыз кылганы менен, чындыгында Кыргызстандын өзүнүн рухий көз карандысыздыгына, рухий коопсуздугуна бир топ маселелер пайда болуп жатат. Ошон үчүн бул жаңы мыйзам дин уюмдарын каттоодо, алардын ишин алып барууну тескөөдө, диний багыттагы окуу жайлардын иштерин, алардын сапатын көтөрүүдө бир топ эле катуу мыйзам болмок.

-Каныбек мырза, кечээ өлкөдөгү имам, хатибдер диний сабаттуулугу боюнча сынак тапшырган экен, бирок алардын 30 пайызга жакыны катышпаптыр. Молдолордун билим деңгээли кандай экен?

-Дин агенттигинин баамы боюнча көптөн бери айтып келген пикирлер чынында эле ырасталды деп эсептейбиз. Мисалы, ойлоп көрсөк 32 пайыз имамдар катышпай коюшкан экен. Алардын катышпаганынын бир гана себебин көрүп турабыз: алар өздөрүнө ишенбесе керек. Ошондуктан бул иш-чара дагы бир жолу көрсөттү: имамдардын билимин жогорулатуу, билимине талап катуу коюу маселеси Кыргызстанда курч экен.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG