Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

17:00 Каржы полициясы кызматкеринин үйбүлөсүнө чабуул жасалышы боюнча билдирүү жасайт


Каржы полициясынын Бажыдагы мыйзам бузуу, бажы тармагындагы кызмат абалынан пайдалануу жана коррупция бөлүмүнүн жетекчи орун басары Конокбай Өскөнбаевдин үйбүлөсүнө чабуул жасалды. Ал өзү бул чабуулду кызматтык иштери менен байланыштырып, 21-май күнү кечинде анын аялы менен уулу бараткан машинеге белгисиз бирөөлөр Ф-1 үлгүсүндөгү кол гранат ыргытып жиберишкени тууралуу маалымат таратты. Натыйжада жабыр тарткан аялы менен уулуна операция жасалган. Ал эми Каржы полициясы азырынча бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти. Каржы полициясынын маалымат катчысы Жолкайнар Сарыбаев “Азаттыкктын” суроосуна жооп берип, азыркы тапта Каржы полициясы бул ишти териштирип жатканын, жакын арада толук маалымат таратыларын билдирди. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG