Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

ПАН ГИ МУН БИРМАГА КЕЛДИ


Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Мянмага --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/DEBEC5A7-446E-4626-9EF2-ADF41A8F9373.asp келди. Ушул эле күнү ал капсалаңдан жабыркаган аймактар жана эл аралык гуманитардык операциялардын жүрүшү менен таанышууга киришти. Аскери хунтанын жетекчилерин ал Мянмага жардам көрсөтүү ишин саясатташтыруудан сактандырды.

Мянмада баш катчыдан биртке мурдараак Улуттар Уюмунун гуманитардык программаларынын жетекчиси Жон Холмс болуп кеткен эле. Аскери хунтанын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Холмс алардан көңүлү калып, иренжип кайткан. Табигый кырсыкка туш болгон райондордон алиге чейин ишеним жараткыдай так маалыматтар жоктугун айтып, башкы координатор канча адамга жардам керектигин аныктоонун өзү кыйын экенине да даттанган.

Малайзиялык гуманитардык уюмдун өкүлү Жамиля Махмуд жабыр тарткан калктын 25, ашып барса 30 проценти гана эл аралык коомчулуктан жардам алып жатканын билдирди.

Мянманын борбору Янгонго келип түшөр замат Пан Ги Мун кырсыктан кыйраканы чыккан райондорго барып, жалпы кырдаал, калктын абалы менен таанышуу ниетин билдирди. Ал ошондой эле гуманитардык операциялар кандай жүрүп жатканына кызыкты.

“Мянманын эли үчүн колдон келгендин баарын жасашыбыз керек, - деп билдирген эле баш катчы кечээ. - Мурда да айткан элем, дагы кайталап кетким келет: Мянмага жардам берүү ишин саясатташтырууга болбойт. Азыр бардык күч-аракетти адамдардын өмүрүн сактап калууга топтоштуруу зарыл”.

Баш катчы ошондой эле жабыр тарткандарды кантип ыкчам куткарып калуу керектигин Мянманын бийликтери, коңшулаш өлкөлөрдүн лидерлери, гуманитардык жардамга баш-көз болуп жаткан уюмдар, эл аралык донорлор менен талкуулаганга даяр экенин кошумчалады.

Эртең, жума күнү баш катчы Мянма союзунун президенти, улук генерал Тан Шве менен жолукканы жатат. Аскери хунта эл аралык гуманитардык уюмдарга куткаруу иштерин жүргүзүүгө ушу күнгө чейин уруксат бере элек. Бир катар өлкөлөрдөн жардам алгандан да баш тартууда. Ал эми коңшу-колоңдордон, Улуттар Уюмунан келген товарларды болсо бийликтер өздөрү көзөмөлдөп, өздөрү каалагандай бөлүштүрүүдө.

Мянманын бийликтери таркаткан ырасмий маалыматтарга ылайык “Наргис” ураганы 80 миңге чукул адамдын өмүрүн алды, 60 миңдей киши дарексиз болууда. Эл аралык уюмдардын эсептеринде болсо курман болгондор 133 миңге барат. Капсалаңдан 2,5 миллион мянмалыктар жабыркады, алардын 1,5 миллионго жакыны үй-жайсыз, оокат-ашсыз жана таза суусуз калды.

Аскери хунта эл аралык гуманитардык уюмдардын, жалпы дүйнө коомчулугунун көмөгүнө көп көңүлдөнбөгөнү менен кырсыктын зыянын 10 миллиард доллардан ашуун суммага баалап, алардан ушунча өлчөмдө финансылык жардам алганга дама кылууда.

XS
SM
MD
LG