Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

ГРУЗИЯ: ОППОЗИЦИЯ ШАЙЛОО ЖЫЙЫНТЫГЫНА ИШЕНБЕЙТ


Грузияда кечээ өткөн парламенттик шайлоодо --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/64B95DA6-860C-4A1A-B1C5-08250B979504.asp президент Михаил Саакашвили өзүнүн Бириккен Улуттук кыймылы конституциялык көпчүлүккө ээ болду деп ырастоодо. Бирок Бириккен оппозиция блогу шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын айтып чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн эртең менен шайлоонун алдын ала, жарым-жартылай жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, президент Саакашвилинин Бириккен Улуттук кыймылы добуштардын 63.3 пайызын алган имиш. Ал эми Бириккен оппозиция блогу 13.2 пайыз менен ат чабым алыста экинчи болуп келатыптыр.

Бул сандар жарыялангандан кийин Ройтерс агенттигине Саакашвили "мынчалык колдоо алабыз деп күткөн эмеспиз" деп агынан жарылды. "Расмий жыйынтык чыга элек, бирок Улуттук кыймыл конституциялык көпчүлүккө жакындап келе турган сандагы добуштарды алган болушу толук ыктымал" деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Мындай көпчүлүк добушка коюлган 150 орундун үчтөн экисин, же жүзүн алганда жетишилет. Мыйзам боюнча, бул орундардын жарымы 5 пайыздык чекти алган партияларга, жарымы бир мандаттуу чөлкөмдөн шайлангандарга берилет.

Мурдагы тышкы иштер министри Давид Бакрадзе бийликчил Улуттук кыймылдан парламент спикери болуп калат деп күтүлүүдө. Шайлоо өткөн күндүн кечинде ал Ройтерске буларды билдирди:

- Албетте биз сүйүнүп атабыз. Бириккен Улуттук кыймыл менен биздин эң жакын атаандашыбыздын ортосундагы чоң айырмачылыкка караганда, Улуттук кыймыл грузин калкы арасында көпчүлүк колдоого ээ экендигин көрсөтөт.

Бирок оппозиция "бийлик партиясы жеңип чыкты" деген ырастоону дароо эле төгүнгө чыгарганга шашты. Шайлоо бүтөөрү менен таң агарып атканча Тбилисиде 3-5 миңдей киши катышкан нааразылык акциясы өттү. Акциянын алдында ага 10 миңден ашык киши келет деп айтылып жаткан эле.

Тогуз партиядан турган Бириккен оппозиция блогунун жол башчысы Давид Камкрелидзе шайлоо күнү Ройтерске "шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чындыкка дал келбейт" деп айтты:

- Алдын-ала эсептөө өкмөттүн, бийлик партиясынын жана Саакашвилинин гана каалаганын көрсөтөт. Чындык таптакыр бөлөк. Алар утулушту, бийликтен кур калышты.

«Бийликтер добуш эсебин бурмалашты» деп ырастаган Камкрелидзе бүгүн шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып, жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырды.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн эртең менен жарыялаган алдын ала жыйынтык берилген добуштардын төрттөн бирине негизделген.

XS
SM
MD
LG