Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

АКСЫ ОКУЯСЫ: АРМАНДЫН ОРДУ ТОЛБОЙТ


22-майда Жалалабатта Аксы окуясы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/C635857C-9DF5-42E6-8F8A-7E7BA3EC6EC4.ASP боюнча айыпталып жаткан облустун мурдагы губернатору Султан Урманаевге байланыштуу сот иши улантылды. Республикалык аскер соттун бейшемби күнкү олтурумуна да аксылык жабырлануучулары менен алардын жактоочусу, чыныгы күбөлөр катышкан жок. Кошумча күбө катары сурак бергендер сотко Урманаевдин 2002-жылы эмне үчүн Бекназаровдун тарапкерлери менен жолугушууга барбай калган себеп-жагдайларды түшүндүрүп беришти.

Аксы окуясы боюнча айыпталган экс-губернатор Султан Урманаевге байланыштуу кылмыш ишинде аксылык 18 жабырлануучу жана 6 күбө бар. Бирок жабырлануучулар менен алардын жактоочусу жана эски бийлик уюмдарындагы күбөлөр сотко келишкен жок. Ооруганын билдирген окуя маалындагы ички иштер министри Темирбек Акматалиев февраль айында телефон аркылуу сүйлөшкөндө губернаторго Аксыга кийинчерээк барууну сунуш кылгам деп көрсөтмө жазып берген. Урманаевдин Бекназаровдун тарапкерлерине барып жолугууга аракет жасаганын экс-депутат Тойгонбек Калматов, ошо кездеги облбийликтин аппарат башчысы Абдулламурза Турсунбаев ырасташты. Башка кызматкерлер ал МАИнин коштоосунан баш тартканын билдиришти.

Урманаевдин айтымында, 15-мартта эч кимге билдирбей район борборуна жеткенде президенттик администрациянын башчысы Аманбек Карыпкулов телефонго чакыртып алып, эл менен жолугушууга тыюу салгандыктан ал 16-мартта Жалалабатка кайтууга аргасыз болгон. Ошо кездеги адам укугун коргоочу Турсунбек Акундун көрсөтмөсү боюнча губернатор Карасуу айылына барууга убада берген. Республикалык аскер соттун судьясы Тилек Абдрашитов анын көрсөтмөсүн окуган жерден үзүндү:

- 2002-жылдын 16-март күнү саат эртең мененки ондо Карасуу айылына келем деп макулдугун берди. Мен кайра элге 16-март күнү губернатор Султан Урманаевдин келе тургандыгын жарыяладым. Бул кабарды эл угуп, сүйүнүп, 16-март күнү жаан жаасын деген түлөөнү токтотуп, түнү менен коңшу айылдардагы тоодогу элди чакырганы кетишти. Бирок, тилекке каршы, 16-март күнү губернатор Урманаев жана Аксы районунун акими Осмонов да Карасуу айылына келишкен жок.

Депутатты бошотууну талап кылган талабы эски бийлик тарабынан четке кагылган. Жалалабаттагы кармоо жайында олтурган Бекназаров менен учурашууга уруксатты депутаттын туугандарына Урманаев алып берген. Губернатордун Бекназаровду ачыкка чыгарууну талап кылган тарапкерлери менен жолугушуусуна барбашына ал ырастагандай президенттик администрациянын ошо кездеги башчысы уруксат бербегени жана анын 16-мартта ПРООНдун өкүлдөрү менен жолугушуусу себеп болгон:

- Бир күн мурда ПРООНдун өкүлдөрү менен жолуккам. Ошол өкүлдөрү Жалалабатта турган. Ошолорго барайын, кеттим деп Турсунбек Акунга айтсам, ал киши айтты, мен элге айтып койбодумбу деп. Айтып койсоңуз мен тез аранын ичинде элдерге керектүү маселелер боюнча Жалалабатка кетишим керек болуп калды деп айттым.

Урманаевдин эл менен жолугшуудан баш тартканы абалды оорлоткон. Мындай бааны Аксы окуясын иликтеген депутаттык алгачкы комиссия 22-мартта чыгарган. Бишкек гарнизондук сотунда Аманбек Карыпкуловдун “Урманаев милициянын атайын даярдалган отрядын (ОМОН) сураган” деген көрсөтмөсү окулган. Экс-губернатор андай өтүнүч болбогонун бүгүн да кайталады:

- Мени коштоо үчүн жоокер сурадым деген сөз абсурд. Жоокер сураш үчүн күн мурунтан автобус алыш керек, автобуска май даярдаш керек. Ким барат, Жалалабатка 300 киши алып баруу оңой эмес. 4-5 БУСту даярдаш керек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG