Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

"АК ЖОЛДОГУ" АЖЫРЫМ


Президент К.Бакиевдин парламент имаратын оңдоого каражат бөлүү маселесиндеги эки ача позициясына нааразы болгон парламент төрагасы Адахан Мадумаров өзүнө ишеним көрсөтүү-көрсөтпөө маселесин добушка коё тургандыгын билдирди. К.Бакиев А.Мадумаров менен жолугушканда имаратты оңдоого --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/06C84BAE-CBA2-4C31-AEC2-543377A6A63E.ASP акча бөлүүгө каршы эместигин айтып, бирок да “Ак жол” фракциясынын жетекчиси Элмира Ибраимовага “Камбарата -2” ГЭСи менен мектептердин курулушуна акча жетпей жатканда мындай маселени талкууга алып чыгуунун зарылдыгы жоктугун билдирген. "Ак жолдогу" ажырым ушинтип башталды.

Парламент депутаттары төраганын орунбасары А.Турсунбаев иштеп чыккан өзгөчө баалуу жыгачтарды кесип-кыйып сатууга, пайдаланууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алышты. Мыйзам долбоору “Ак жол” фракциясынан колдоо ала электе парламент талкуусуна чыгып кеткенин Э.Ибраимова атайын белгиледи. Жаңы мыйзамдын анчалык тез кабыл алынышынын артында колго түшүрүлгөн жаңгак жыгачтары менен уюлдарын Жогорку Кеңеш имаратына пайдалануу аракети жаткан.

Жогорку Кеңеш имаратын парламенттин 85 жылдык мааракесине жакшылап жасалгалоо демилгесин көтөрүп чыккан төрага А.Мадумаров маселе президент экөөнүн жолугушуусунда макулдашылганын ырастады:

- Кечээ сүйлөштүм мен президент менен. “Игорь Чудинов Польшадан келгенден кийин ошол булактарды көрсөтүп кирсеңер мен Жогорку Кеңешти ар качан колдоп келгем, дагы да колдой берем”, деген сөзүн айтты. Мен сөзмө-сөз айтып бердим, болгон сөздү.

Антип парламент төрагасы кечээки сүйлөгөн сөзүн алдыга жайып олтурса, “Ак жол” фракциясынын жетекчиси Элмира Ибраимова маселе талкууланып жатканда мамлекет башчысы менен эми эле сүйлөшкөнүн, ал кандай кандай өтүнүч кылганын депутаттарга жарыя кылды:

- Анын (президент К.Бакиевдин) пикиринде бул маселени быйыл кароонун эч кандай кажети жок. Ушул позицияны ал Жогорку Кеңеш депутаттары алдында менин айтып коюyмду өтүндү. Аны мен айтып олтурам. Мен бул жерде Адахан Кимсанбаевичке кайрылып атам, президенттин атын атабай эле коёлу.

Президенттин кечээки менен бүгүнкү сөзүнүн эки ачакейлигине таң калганын жашырбаган А.Мадумаров эмнеликтен Жогорку Кеңеш төрагасынын конституциялык укугуна фракция жетекчиси кийлигишип жатканына түшүнбөстүгүн билдирди:

- Анда мен башка маселени добушка коем. Мен А.Мадумаровду Жогорку Кеңеш төрагасы катары ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө жөнүндө маселени добушка коём. Жогорку Кеңеш тарабынан. Эптеп эле ушул жерде олтурам деп, эмне болсо да башым аман болсун деп жүрө берген жашоону мен жек көрөм. Мага өкмөт тарабынан да, сот тарабынан да бирдей сый-урмат менен мамиле кылууну талап кылам. Бул менин талабым эмес, Конституциянын талабы.

Ага улай спикер мына буларды билдирди:

- Эгер мага (президент К.Бакиев) бирди айтып, эки-үч кишиге башкача айтып, бул саясат эч качан бизди жакшылыкка алып барбайт. Ошон үчүн мамлекет жетекчилиги деп айтат. Мен бул маселени даярдайм. Добушка коём андан кийин. Ушуга көптөн бери жетише албай жүрүшөт. Мен өзүм жолуңуздарды ачып берейин.

Парламент депутаты Бейшен Абдуразаков айрым депутаттарга эмдигиче шарт түзүлбөгөнүн кеп кылды:

- Жөө жүрөбүз шалпактап. А силер өзүңөрчө жыргап атасыңар да бул жерде.

Антип парламенттеги басымдуу көпчүлүктү түзгөн партиянын ичара жиктелип, жарым жыл иштебей жатып талаш-тартышка батып калышынын себеп-жөнүн “Акыйкат үчүн” кыймылынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов мындай жагдайга байланыштырат:

- Бийлик өзүнө абдан чоң укук-бийликти алып албадыбы. Аны аткара албай, эми айласы кеткенде ушу майда-чүйдө маселелерди аралаштырып жатат. Бири-бирин ушундай тескери сөздөр менен айтып, бири-бирине күнөө коюшууда. Менин оюмча, бул бийликтин азыркы учурдагы аброю.

Парламенттин мурдагы спикери А.Эркебаевдин ырасташынча, бул өзү күтүлгөн иш болчу. Себеп дегенде “Ак жол” партиясынын башынан бир идеясы, ынтымагы жок болчу, ага адамдар депутаттык орун үчүн эле киришкен:

- Баарын бириктирген бир ыйык идея болбогондон кийин жалаң кызмат үчүн, бийлик үчүн, депутаттык үчүн эле киришкендиктен, “Ак жол” фракциясынын ичинде ар кандай багыттар бар болчу, ар кандай фракциялар бар болчу. Менимче, азыр ошол иштер бийик чекитине, нокотуна жетип баратат. Мындай иштер күтүлгөн нерсе болчу.

Ал эми парламент спикери Адахан Мадумаровго ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө жөнүндөгү маселе азырынча талкууга салына элек. Айрым болжолчулардын пикиринде, ал маселени кантип чечүү боюнча эл өкүлдөрү Ак үйдөгү партия жетекчисинин кезектеги “салам дубайын” күтүп отурушат.

XS
SM
MD
LG