Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

ПАКИСТАН ТАЛИПТЕР МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗҮП, ООГАН ӨКМӨТҮН КООПТОНТТУ


Пакистандын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/5958EE4F-E056-42A3-98F4-82EE7923581C.asp түндүк-батыш чекара провинциянын бийликтери талиптердин жергиликтүү өкүлдөрү менен тынчтык келишимге кол коюшту. Исламабадда муну жакшы жаңылыктай кабыл алышты, ал эми коңшулаш Ооганстан өкмөтү, НАТОнун жана АКШнын өкүлдөрү, айрым байкоочулар буга кооптонууларын билдиришти.

Түндүк-батыш чекара провинциясынын өкмөтү менен талиптер кол койгон документ он беш пункттан турат. Ага ылайык талиптер региондогу, өзгөчө Сват өрөөнүндөгү жергиликтүү бийликтердин амирине толук ыкрар кылышат; полицияга, чекара аскерлерине, базарларга, жолдорго жана башка жайларга кол салышпайт; террордук бардык аракеттерден, анын ичинде чет элдик жалданма лашкерлерден, жанкечтилерден баш тартышат. Өз кезегинде провинциянын бийликтери талиптер басымдуулук кылган жерлерге шариат эрежелерин киргизгенге макул болушту. Ал эми борбордук өкмөт – ырасмий Исламабад талиптердин түрмөдө отурган көп сандаган мүчөлөрүн азат кылат, буга кошо Түндүк-батыш чекара провинциясынан аскер бөлүктөрүн акырындап чыгара баштайт.

Келишим тууралуу жергиликтүү өкмөт менен Сват өрөөнүндөгү талиптер бир нече апта сүйлөшүп, акыры ага кол коюшканын, кудай буйруса эми бүт аймакта баракатчылык болорун провинциянын тышкы иштер министри Важид Алишах кабарлады. Келишимди Пакистандын жаңы өкмөтү да жогору баалады.

Ал эми коңшулаш Ооганстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү бул келишим Кабул өкмөтүн чоң камтамага салганын, анткени мунун аркасында жалпы терроризмге каршы күрөштүн мизи мокоп, талиптер үчүн жаңы коопсуздук зонасы түзүлө турганын билдирди. Бул пикирди мурдагы элчи, азыр Кабулдагы көз карандысыз эксперттер кеңсесинде иштеген Ахмад Саиди да эп көрөт. “Пакистан өкмөтүндөгүлөр уруулар аймагында эми тынчтык орнойт, аскерлерге ким бирөөлөр менен урушканга туура келбейт деп ойлошот. Бирок талиптерге башка аймактарда, өзгөчө Ооганстанда каалаганын жасаганга уруксат беришет. Бул келишимде да так жазылган”,-дейт Саиди.

Түндүк-батыш чекара аймагындагы талиптер менен келишим түзүү калпыс болорун АКШнын өкмөтү Исламабадга эскертип, мындай демилгеге караманча каршы болгон эле. Улуттар Уюмунун Ооганстандагы бейпилдик миссиясынын жетекчиси Жан Мэри Гуэхенно да келишим кандай натыйжа берерин азырынча айтуу кыйын экенин, тек гана террорчул топторго күчүн жыйнап, карууланып алганга кошумча база түзүлүп калышы ыктымал экендигин белгиледи.

НАТОлук контингент бул кабардан соң Пакистанга жуук аймактардагы күчтөрүн бекемдөөгө киришти. Контингенттин колбашчысы генерал Дан Макнейл муну талиптер активдеше баштаганы менен түшүндүрдү. Генералдын айтымында, талиптер аскери даярдыктарын күчөтүштү, лашкерлерин жаңы каруу-жарактар менен жабдыганга жетишти.

XS
SM
MD
LG