Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

ОШ: КЫҢЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА БИЛИНЕТ


2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин Ош жергесинде буюртма киши өлтүрүүлөр --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/05/D8ECDF27-F23C-4D27-8FBA-21F54FAA5D76.asp көп катталып, тилекке каршы, биринин дагы ушул күнгө чейин бети ачыла элек. Мамлекеттик органдар «Кылмышкерлердин изи табылды! Мына, жазаланат!» деп ынандырышканы менен, элдин пикиринде жарандарды аткандар да, аларды жалдагандар да жоопкерчиликтен кутула турган өңдөнүп калышты.

Ички иштер министринин орунбасары Жеңиш Жакыпов «Азаттыкка» билдиргендей, 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин Оштун аймагында 5 орчундуу буюртма өлүм катталган. Уюшкан топторго каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын полковниги Уран Алиевди үйүнүн кире беришинде, «Саясат» гезитинин башкы редактору Алишер Саиповду жумушунан кайтып баратканда, Ош шаар Кеңешинин депутаты, ишкер Айбек Алымжановду «Алатоо» кафесинде атып кетишкен. Алгачкы экөөнү ажалга айдагандар изи табылды. Ал эми Алымжановдуку кыйынчылык туудурууда:

- Биринчиден, биздин коллега Алиев Урандын, экинчиден Саипов Алишердин жана бир топ адам өлтүрүлгөн фактылар бар. Алимжанов боюнча дагы бир топ иштер жасалып атат. Аракеттерге карабастан, Алимжанов боюнча кылмыш иштин Алиев менен Саиповго караганда ачылышы өтө оорурак болуп атат. Чындыгында өзүнүн бизнеси тарабынан бир топ маселелер бар экен, - деген Жеңиш Жакыпов Карасуу базарынын жетекчилери Абдалим Жунусовду, Рыспек Жоошбековду атып өлтүргөндөр белгилүү болгондугун, учурда аларга издөө жарыялангандыгын кошумчалады:

- Карасуу базарынын жетекчилери Жунусов, Жоошбеков боюнча кылмыш жасаган адамдардын аты-жөнү бизге белгилүү, азыр алар мамлекеттик издөөдө жүрүп атышат.

Журналист Алишер Саипов атындагы сыйлыктын ээси, МезонТВ телекомпаниясынын кызматкери Ильхом Абдукахаров канкорлор эртедир-кечтир кармалаарынан күмөн санабайт, бирок аларды жалдагандардын бети ачылаарына ишенбейт:

- Заказчиктер кармалбайт. Аны жүзөгө ашырган адамдар менимче кармалып калышы мүмкүн.

Маркумдардын үйбүлө мүчөлөрүн, тууган-уруктарын кандуу кылмыштардын тегерегинде кепке тартуу аракетибизден майнап чыккан жок, бардыгы суроолорубузга жооп берүүдөн караманча баш тартышты. Ал эми Ош шаарынын тургуну Айбек Исаев күч органдарын тазалап, жаш кадрлар менен толуктамайынча, кырдаал бүгүнкүдөн да курчуйт деген оюнан кайта элек:

- Качан гана күч органдарына таза кишилер келсе буюртма өлүмдөрдүн бетин ачса болот. Курманбек Бакиев жаңы жаштардан жакшы кадрларды алып келип команда түзүп, эртеңки Кыргызстандын келечеги үчүн бир топ иштерди жазаса, биз азыркы ушундай жагдайга туш болмок эмеспиз.

Жергиликтүү серепчи Абай Эшмаматов дүйнөлүк практикада жалданма киши өлтүрүүлөр болуп келгендигин жана мындан ары да боло берээрин, тилекке каршы, анын бетин ачуу Кыргызстанда эле эмес, улуу державаларда да кыйынга тураарын белгиледи:

- Маселен союз учурунда деле бир нече коомдук ишмерлер, органда иштегендер буюртма адам өлтүрүү менен өлгөн фактылар болуп келген. Бирок алардын бети тартип сакчылары күчтүү болуп турган союз мезгилинде да ачылган эмес.

XS
SM
MD
LG