Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:53

Таласта Кароол чокуну --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2007/07/B3F4684B-C6A0-45BE-9937-C74A913AC136.asp казуу иштери кайрадан улантылышы мүмкүн. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү “Азаттыкка” бул иш биротоло токтотулбаганын билдиришти. Бул маселеге тиешелүү адистердин ортосунда ар кандай эки тараптуу ойлор жаралууда.

Былтыр жаз айларында Орусия мамлекетинде катталган “Кредо” уюмунун каржылоосу менен Грузия мамлекетинин атуулдары Кароол чокуну каза башташкан. Казууну жетектеген грузин улутунун атуулу Ронул Жапаридзе Кароол чокунун астында 4 миң тонна алтын жана башка бир топ баалуу буюмдар бар деген имишти айткан. Анын айтымында, бул казуу 2007-жылы жетинчи айда, жетинчи күндө толук казылып бүтөөрүн өз сөзүндө кошумчалаган. Бирок жергиликтүү тургундардын жана көптөгөн коомчулуктун нааразычылыгынан улам бул иш токтотулган.

Бүгүнкү учурда бул тынчып калган маселе кайрадан козголууда. Жакында “Манас ордо” улуттук комплексинде өткөрүлгөн үч муундун жолугушуусунда президенттин кеңешчиси Чолпон Абыкеев бул ишке кызыкдар эместигин айтып, бирок бул иш аягына чыкса Кыргызстандын экономикасына бир топ салым болот эле деген сөзүн айткан. Бүгүнкү учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул тууралуу чекит койгон сөздөрүн айта албай келишүүдө.

Губернатордун биринчи орунбасары Касым Чаргынов бул иш убактылуу токтотулганын айтып, казууга кызыкдар болгон тараптардан далил кагаздарды талап кылып жатабыз дейт:

- Бул иш биротоло токтогон жок. Мунун астында китепкана, алтын жана башкалар бар дегендерге талап койдук, эгер силердин ушунчалык эле далилиңер болсо анда карап көрөлү деп.

Кароол чокунун казуу иштери тууралуу жергиликтүү гезит беттерине көптөгөн макалаларды жазган “Талас турмушу” гезитинин башкы редактору Козубек Иманкулов аталган казуу иши убагында мыйзамсыз болгон деп, бул толугу менен токтотулду деген ойдо:

- Мыйзамсыз казуу башталган. Убагында бийликтин айрым адамдары жана жергиликтүү чиновниктердин арасында бул ишти биротоло аткарыш керек дегендер болгон. “Манас ордонун” айрым жетекчилери ушундайга ынанган эле. Бирок ар нерсени акылга салып көрүш керек. Мен коомчулукка ыраазымын, алар өзүнүн пикирин билдирди. Мен ойлойм бул маселе токтоду го деп.

“Манас ордо” улуттук комплексинин “Манас эпос” музейинин директору Мударис Ибралиев Кароол чоку казылса элдин арасында бүдөмүк ойлор да жок болмок дейт:

- Мынча каздырбаш керек эле. Казгандан кийин аягына чыкса болмок. Көпчүлүк элдин ою ушундай, бүдөмүк кылбай, барын же жогун так билиш керек эле деген.

Кыргыз билим берүү илиминин доктору Сулайман Рысбаев Кароол чокунун казылышы менен Кыргызстандын тарыхы, аны менен Кыргыз мамлекети да жок болуп кетиши мүмкүн деген сөзүн серепчи катары “Азаттыкка” билдирди:

- Инвесторлордун баары келип атат. Ысыккөлдүн түбүндө Матвейдин сөөгү бар экен деп кызыгып атышат. Ошонун бирөө катары ушул болуп атат, Кароол чокунун казылышын мен туура эмес деп эсептейм. Мисалы кайсы бир адамдар өз кызыкчылыктарын көздөп, биздин байлыктарыбызды башка бир нерсеге аралаштырып, бул кыргыздыкы эмес турбайбы, кыргыздыкы эмес болсо эмнеге Манаска тиешелүү деп такыр башкага буруп кетиши мүмкүн. Кыргыздын тарыхын, Кароол чокунун маңызын жок кылып кетиши мүмкүн. Ушундай нерседен сак болуш керек.

“Манас ордо” улуттук комплексинде жана анын тегерегинде союз мезгилинен бери 18 жолу археологиялык казуу иштери жүргүзүлгөн.
XS
SM
MD
LG