Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

Төрөкул Дооров, Ош-Бишкек Кыргызстанда диний кырдаал курчуп баратат. Ага соңку мезгилдерде мусулмандар менен баптисттер ортосунда араздашуулардын чыгышы, мечиттерде радикал идеяларга берилген жаштардын көбөйүп, диний экстремизм коркунучу күчөгөнү мисал. Абалга тынчсызданган кыргыз бийликтери диний уюмдарга --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/05/58FF7E3A-AED8-4E62-872E-81C690F495AC.asp арым чектөөлөрдү киргизе турган мыйзамды иштеп жатышат. Бирок бийликтин аракеттерин “динди башкарууга алууга болгон далалат” катары сыпаттагандар да жок эмес. Чын-чынында жаштардын динге берилишинде азыр мамлекет коопсуздугуна коркунуч барбы?

Ош шаарындагы борбордук мечитте түшкү бешим намазы окулуп жатат. Төрт рекет сүннөт окулуп жаткан учурда мечит адамдарга толо баштады. Алардын катары толукталып бүткөн соң, төрт рекет парз окулат.







Мечитке түшкү намазды окуганы келгендердин арасында жаштар көп. Көздөрү бакырайган 5-6 жашар бала менин фото-камераны ары-бери көтөрүп, тартып жүргөнүмө кымыр этпейт – ал толугу менен намазга берилип, ыкласын коюп, Аллаага ибадат кылган учурда көзүн жумуп, эч нерсеге алаксыбайт...



Мындан 16-жыл мурда жарандарга дин эркиндигин берген мамлекетте бүгүн диний кырдаалга кабатырчылык күч. Мечиттерге агылган жаштардын саны өсүп баратат, үйбүлө, бала-бакырасын жумалап-айлап таштап кетип, элди Исламга үгүттөйм деп жаткан даваатчылар көбөйдү.

Бирок Оштун тургундары жаштардын исламга берилгенинде эч терс жагы жок деп билишет.



Нураалы ага, мисалы, эки уулунун бирин азыр Казандагы орус-ислам университетине жиберген. Өзү ажыга да барып келди. Ошто мечитке келип жаткандардын катарына жаштар көп келе баштаганына ыраазы.

- Азыр жаштар арасында динге ишеним кеңири таркаганынын себеби - исламдын убактысы келди. Ал өсүп-өнүгүшү керек. Менин байкашымча, 35-65 жаштагы адамдар мечитке аз келишет. Анткени алар СССР учурунда тарбияланып, динсиз көз-карашка малынып, азырга чейин жүрөктөрү жибибей жатат. Ал эми жаштар баарын тез кабыл алышат, туура түшүнүшөт. Мында эч кандай терс жагы жок, бул – Алланын буйругу.

Жаштардын ишенимге тез кире тургандыктарынан пайдаланып, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” өңдүү диний уюмдар катарын жашартууда, дешет расмий бийликтер. Бул уюмдар расмий таанылган секулярдык башкаруу формаларын четке кагышат жана элдердин аң-сезимин өзгөртүп, ислам халифатын орнотууну самашат.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча агенттиктин маалыматына караганда, бүгүн республика боюнча 1660 мечит бар. Ал эми жалпы билим берүүчү орто мектептердин саны 2 миңден бир аз эле ашат. Мечиттерге кошумча ислам дини жөнүндө сабак берген 56 медресе расмий каттоодон өткөн. Бирок каттоосуз иштегендери да бар. Атап айтканда, медреселерге эмес, молдолордун эле үйлөрүнө келип, жаштардын дарс алган көрүнүшү мурда түштүк регионуна гана мүнөздүү көрүнүш катары аталып келсе, эми башка региондорго да кеңири жайылды. Анда жаштар арапча арип таанып, Куранды окуганды үйрөнүшөт.



“Азаттык” радиосуна өзүн Оштогу казыяттын расмий өкүлү деп тааныштырган Алмаз Абдувапов бул жаатта мусулмандар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр берилген дейт:

- Мен биздин өкмөт башчыларына ыраазычылыгымды билдиргим келет, анткени алар бул чыныгы динди кыспай, тыйбай саясат жүргүзүшүүдө. Ошондуктан жаштар эркин эле мечитке агылып, ибадат кылып жатышат. Ал эми коңшу мамлекеттерде - Өзбекстан, Тажикстанда – диний кысмактоолор болуп жатат. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, мисалы, Ислам университетинин студенттерине сакал койгонго тыюу салып койду. Бул эмне дегени? Секулярдык мамлекет болсо да, анчалыкка барбаш керек! Сакалга асылбаш керек!

Сакал койгондой эле мектепке жоолук салынып келүү укугун коргоп чыккан Жалалабаттагы кыздардын маселесине азырга чейин чекит коюла элек. Айрым маалыматтарга караганда, Жалалабатта жоолук салынгандардын айынан өзбектер менен кыргыздар ортосунда улуттук араздашуу чыкканы калды. Анткени Билим берүү боюнча шаардык башкармалыктын өкүлү өзбек кыздар гана жоолук салынат деп билдирген имиш.







Жалалабат менен Оштогу айрым жергиликтүү журналисттердин айтымында, аймакта динге радикалдашып бараткан жаштар көп. Расмий бийликтер өлкөдө мечит-медреселер ого эле көбөйүп кеткендиктен, алардын кайсынысында ислам боюнча кандай дарс окутулуп жатканы жакшы текшерүүгө алынбай жатканын айтышат. Андыктан Кыргызстан диний башкармалыгынын жетекчилигинин демилгеси астында бүт мечиттердин имам, хатибдери ушул аптада сынак тапшырышты. Бирок ага чакырылгандардын 30% ашууну аттестацияга такыр эле келбей койгон.

Дин иштери боюнча агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиев жаштар ислам жөнүндө кандай өңүттө сабак алып жатканын жакшы билишпейт дейт.

- Мектеп окуучуларынын, ал эмес, чоң эле кишилердин да диний экстремисттик, радикалдык маанайдагы агымдарды чыныгы исламдын баалуулуктарынан айырмалай албай жатышканы себеп экенин моюнга алабыз. Бул боюнча айосуз күрөштү жүргүзүү – биздин биринчи милдет.

Каныбек мырза айткан айосуз күрөштүн маани маңызы – динди көзөмөлгө алуу. Кыргызстанда дин жаатындагы абалды тартипке салып, дин саясатын күчөтүү керектигин парламент төрагасы Адахан Мадумаров да билдирди. Анын айтымында, жакын арада парламент диний уюмдар боюнча мыйзам кабыл алганы жатат. Ал мыйзам диний уюмдарга катталууга бир топ чектөөлөрдү киргизээри айтылууда.

Ошентсе да Ош шаарында биз учураткан жаштар динге радикалдашуу жок экенин айтышты. 21 жаштагы Шухрат, мисалы, глобализация берген жыргалчылыктарга да, дин берген руханий баалуулуктарга да ачык.



Ал эми 19 жаштагы Айгерим азыр Ош мамлекеттик университетинде окуйт. Намаз окуп, ислам жолунда жашайын деп көптөн бери эле ниет кылып келатканын айтты. Бирок динге катуу берилип, фанат болуп кетүүдөн алыс. Азыр Ошто динге берилген жаштардын көбөйүп баратышында терс да, оң да жактары бар деп билет.



Эксперттик коомчулук азырынча Борбор Азиядагы расмий бийликтер исламга кеңири жол ачып берип жатышканы менен, дин бийликти талаша баштаганда, бийлик ага каршылык көрсөтүп чыгаарын буга чейин эле айтышкан. Соңку мезгилдерде кыргыз бийликтери тарабынан айтыла баштаган чакырыктар ошол кепти дагы бир ирет эске салгандай болду.

XS
SM
MD
LG