Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

FAO: АЗЫК-ТҮЛҮК БААСЫ АРЗАНДАБАЙТ


Дүйнөдө азык-түлүктү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/52696F2D-C127-42CA-BDCC-0DA85B5CA53E.asp импорттоо үчүн сарпталуучу каражаттын көлөмү быйыл бир триллион доллардан ашып өтчүдөй. Ал эми буудай жана күрүч өңдүү негизги азыктардын түшүмү былтыркыга салыштырмалуу быйыл мол болору күтүлүп жатканы менен бирок баа арзандачудай эмес. БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун (FAO) жаңы докладында мына ушундай тыянактар айтылат.

Азык-түлүк импорту үчүн быйыл бир триллион доллардан ашуун каражаттын сарптала тургандыгы, бул былтыркы чыгымдан 25%га көп дегенди туюндурат. Ал эми тамак-ашты көбүнесе сырттан алуу менен тирлик кылган жакыр–жалчы өлкөлөрдүн чыгымы 40%га чейин жогорулоосу мүмкүн.

Азык–түлүк жана айыл-чарбасы боюнча эл аралык уюмдун соңку докладына караганда, өзгөчө дан–азыктары базарында туруктуулук жакынкы аралыкта орночудай эмес. Анткени дүйнөлүк базардагы сунуш суроо талапты араңдан зорго гана канааттандырууда. Буудай баасынын кымбаттоосу алып келген экономикалык стимул дүйнөдө фермерлер анын айдоо аянттарын көбөйтүүсүн шарттады.

Кокус аба–ырайындагы чукул өзгөрүүлөр эле зыянын тийгизип кетпесе, быйыл буудайдын дүйнөлүк дүң жыйым 658 миллион тоннага жетип, рекорддук чекти багындырары күтүлүүдө. Кошмо Штаттардын өзү эле быйыл буудайды былтыркыга салыштырмалуу 16%га көп өндүрөт. Бул 1998-жылдан берки эң жакшы түшүм болмокчу.

Буудай экспорттогон Орусия менен Украинада жакшы түшүм алары күтүлүүдө. Бирок былтыр 13 миллион тонна буудай жыйнаган Ирандын түшүмү кургакчылыкка байланыштуу 2 миллион тоннага азайышы мүмкүн. Былтыр 14 миллион тонна кызыл дан алган Казакстандын түшүмү да төмөндөйт.

Дүйнөлүк Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун эксперти Абдулреза Аббассиандын айтымында, быйыл күтүлүп жаткан түшүм кыска мөөнөттөн алганда жаман эмес, бирок дүйнө өзүн-өзү сооротуусуна негиз жок:

-Биз узак мөөнөттөн карашыбыз керек. Менимче, учурда биздин алдыбызда турган чоң көйгөй - узак мөөнөттөн алганда өндүрүштү калк санынын өсүүсүнө жооп бергидей кылып көбөйтө алар–албашыбыз.

Мындай жагдайда, FAOнун эксперти Аббассиан кошумчалагандай, инновацияга кайрылуу, азык-түлүк түйүнүн өнүктүрүүнү жаңы технологияга ылайыкташтыруу керек:

-Технология биз үчүн буга чейин да көп нерсе жасаган, келечекте да жасарына ишенем. Бул жерде фермерлер арасында тигил же бул нерсени кантип өндүрөрү, экинчи жактан керектөөчүлөр диетасын кантип өзгөртөрү боюнча жогорку деңгээлде ылайыкташуу бар.

Азык–түлүк жана айыл-чарба уюмунун докладына кайра кайрылсак, адамзаттын жарымы үчүн негизги азык болгон–күрүчтүн баасы акыркы эки жылда эки эсе өстү. Быйыл анын дүйнөлүк дүң түшүмү 2,3%га жогорулайт деп белгиленүүдө. Бирок күрүч экспорттогон өлкөлөрдүн көбү ички базардагы бааны турукташтыруу үчүн анын сыртка чыгышына тыюу салышынан улам ал эл аралык базарда тартыш болуп жатат. Түшүмдүн көбөйүшү кандайдыр бир деңгээлде кырдаалды оңдойт деген үмүт бар.

Быйыл жүгөрүнүн дүң жыйымы да көбөйөрү күтүлүүдө. Анткен менен ошол эле учурда абаны азыраак булгоо максатында табылган - биоотунду чыгаруу үчүн керектелүүчү дандын көлөмү да 40%га өсөт. Жүгөрү азыр биоотундун негизги сырьесу. Быйыл биоотунга же сарпталуучу 98 миллион тонна дандын 92 миллион тоннасы жүгөрү болот.

Азык–түлүк баасынын асмандашына байланыштуу данды биоотун үчүн сарптоонун канчалык туура экендиги азыр талаш-тартышты жаратууда. Буга мораторий киргизүү керек деген чакырыктар да айтылган. Дүйнөлүк Айыл-чарба жана азык–түлүк уюмунун эксперти Абдулреза Аббассиан белгилегендей, эл аралык коомчулук бул маселеге дагы бир ирээт кайрылышы керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG