Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

8:45 Бүгүн Биринчи май райондук соту “Де-Факто”, “Алиби” гезиттеринин ишин карайт


Бул күнү сот гезиттерге жарыяланган макалага лингвистикалык комиссиянын тыянагын карары күтүлүүдө. Кыргыз тилинде жазылган макаланын сотто орус тилинде каралып жатышына нааразы болгон жоопкер тараптын сунушуна ылайык макала лингвистикалык комиссиянын кароосуна берилген. Гезиттерди сотко президент Курманбек Бакиевдин жакын тууганы Асылбек Салиев берген. Буга адам өмүрүн алган жол кырсыгына Салиевдин тиешеси бар экендиги жөнүндөгү макала негиз берген. Бул ишти сот март айынан бери териштирип келатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG