Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИНИН САПАРЫ АСТАНАНЫН АЙМАКТЫК АТААНДАШТЫКТАГЫ ЖЕҢИШИБИ?


Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев өзүнүн алгачкы тышкы саясий сапарын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/A86332C4-000B-43B8-BAC6-EA3C7C11C8A9.asp Казакстандан баштап, кечээ Астанада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.1990-жылдардын башынан бери эле казак президенти Нурсултан Назарбаев менен бирге өзбек президенти Ислам Каримов да аймактын негизги оюнчусу болуу үчүн атаандашып келгенин эске алганда, бул окуя Астананын ошол атаандаштыкта оозуп бара жатканынын дагы бир ирээт эске салып тургандай.

Мындан туура сегиз жыл мурда Орусиянын ал кездеги жаңы президенти Владимир Путин кызматка киришкен соң, өзүнүн чет элдик биринчи расмий сапары менен Өзбекстанга барган эле. Өзбекстан менен Казакстандын орду азыр эмне үчүн алмашып калганын түшүнүү үчүн алардын Орусия менен советтик доордон кийинки мамилелеринин айрым өңүттөрүнө кайрылуу туура өңдөнөт.

Советтик доордон кийинки кыска тарыхта Өзбекстандын да, Казакстан сыктуу Батыш менен жылуу мамиле орноткон учурлары болду. Бирок Ислам Каримов муну Орусиянын эсебинен жасаса, Казакстан эч качан Москваны жээриген эмес. Нурсултан Назарбаевдин Орусияны "Кудай берген кошуна", деп атаган жайы бар. Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Лондондогу институттун улук редактору Жон МакЛеод мындай дейт:

-Бул эки лидер ортосундагы маанилүү бир айрымачылык, качан өзбектердин Батыш менен мамилеси салыштырмалуу жакшырган же Өзбекстан Батышка кызмат кылып жаткан учурда, Орусия менен мамилеси кайра начарлайт. Назарбаев болсо алаканы эки жак менен тең бирдей алып жүрдү. Бул - айрымалуу жана көбүрөөк ийкемдүү ыкма.

Казакстандын Орусия менен ийиндешип турганына кошумча мына ушундай ийкемдүү ыкмадагы саясаттын жүргүзүлүшү эки өлкөнүн саясий жана экономикалык мамилелеринин тереңдешине салым кошкон жок деп айтыш кыйын. Казак мунайынын көбү азыр сыртка Орусия жана анын куурлары аркылуу чыгууда жана тараптар мунай–газ кендерин иштетүү, жаңы куурларды төшөөө боюнча долбоорлорго катышуу багытында биргелешип аракеттенип жатат. Казакстан 2010-жылы ЕККУ уюмунунда төрагалык кылуу маккамын алышында Москва Астананын дипломатиялык жактан башкы колдоочусу болду.

Ал эми Өзбекстан көз карандысыздык алгандан кийинки жылдары Орусиядан жана КМШ уюмдарынан оолактап, өз алдынча саясат жүргүзүп, Батыш менен да жакшы мамиле орнотууга талаптанган. Москва менен Ташкенттин ортосундагы муз ал кездеги жаңы президент Владимир Путиндин 2000-жылкы визитинен кийин эрий баштаган эле.

Андан соң 2005-жылы май айында Анжияндагы кан төгүүдөн кийинки окуяларда Орусия Ташкенттин тарабында болду. АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн Анжияндагы кан төгүү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү жөнүндөгү талабына жооп кылып, президент Каримов америкалык аскерий базанын өлкөдөн алты ай ичинде чыгарылып кетишин капыстан эле талап кылды. Андан төрт жылга жетпеген убакыт мурда эле 2001-жылдын 11-сентябрдагы терракттан кийин Ооганстандагы аскерий операцияларга колдоо көргөзүү үчүн Өзбекстанда америкалык базанын жайгашуусун расмий Ташкент кубаттап кабыл алган болчу.

Анткен менен Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун улук редактору Жон МакЛеоддун көз карашында, Анжиян окуясы жана президент Каримовдун оома, туруксуз тышкы саясаты Орусияда ага ишенбөөчүлүктү жаратпай койгон жок:

-Мисалы үч жыл мурда Анжиянда орун алган кыянатчылыктар учурунда Орусия өзбек өкмөтүн колдогону айныксыз. Бирок буга окшогон инцидент өлкөдөгү узак мөөнөттүү стабилдүүлүккө көлөкө түшүрөт. Адамдар өлкөнү ушул кишинин башкаруусу туурабы деп ойлоно башташы мүмкүн?

Айтор Орусиянын Борбор Азиядагы кызыкчылыктарын эске алганда, Орусиянын жаңы президентинин тышкы саясий сапарын Казакстандан баштоосу, Астана аймактык атаандаштык үчүн күрөштө Ташкенттен үстөмдүк кылып жатканынын дагы бир мисалы катары каралууда. Лондондук талдоочу Жон МакЛеоддун пикиринде, Казакстан бул позициясын узак убакыт колдон чыгарбоосу мүмкүн:

-Казакстан Борбор Азияда саясий, экономикалык жактан да үстөмдүк кылган өлкө жана менин болжолумда мындай жагдай Нурсултан Назарбаев бийликте калганга чейин уланаары анык.

Атаандаштык демекчи, акыркы бир ай ичинде Астанада Кыргызстан , Өзбекстан, Тажикстандын президенттери болду. Кыргыз жана тажик президенттери Нурсултан Назарбаевдин Борбор Азия союзун түзүү жөнүндө узактан бери айтылып келе жаткан идеясын колдошсо, Ислам Каримов бул ирээт ал демилгени толугу менен четке какты. Бул атаандаштык али токтой электигинин ишарасы окшойт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG