Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

10:45 И.Кадырбековго алты жагдай боюнча айып коюлууда


Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы директору Ишенбай Кадырбековдун коргоочусу Галина Скрипкинанын билдирүүсү боюнча, тергөө ушундай жыйынтыкка келген. Анда Ишенбай Кадырбеков Нарындагы мектептерди сапатсыз курган, кошо жарышып долбоор түзүүгө мыйзамсыз түрдө уруксат берген, курулуш компаниясына уруксат берүүчү документтерди мыйзамсыз берген деген айыптар коюлду. Коргоочу Галина Скрипкинанын айтымында, Каржы полициясынын койгон айыптары негизсиз, анткени шаар куруу жөнүндөгү мыйзам кошо жарышып долбоор түзүүгө уруксат берүүгө жол берет. Экс-депутат ушул жылдын 25-апрелинде камакка алынып, Каржы полициясы Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча айып коюп, ишин анык кылмыш иши деп билдирген. Ал эми Кадырбековдун жактоочулары муну саясий куугунтук деп билдиришип, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып жатышат. (BD)

XS
SM
MD
LG