Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

11:12 Жогорку Кеңеш Камбарата-2 ГЭСин куруу боюнча токтом кабыл алды


“Камбарата-2 ГЭСин куруу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарынын демилгеси” деп аталган токтом көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен кабыл алынды. Анда Камбарата-2 ГЭСин курулушуна жардам катары депутаттар бир жумалык айлык акысын которуп берери жана курулушту аягына чыгаруу үчүн жалпы элдин колдоосу зарыл экендиги айтылат. Андан тышкары курулуштун фондун координациялоочу республикалык штаб түзүүнү жана кадрларды даярдап, курулушчулар үчүн турак-үйлөрдү тезинен куруу өкмөткө сунушталды. Токтомдо курулуш үчүн элдин материалдык колдоосун өтүнүү сунушу коомдо карама-каршылыкты пайда кылып, бийлик өкүлдөрүнүн бюджеттен каржыланган калкка басымы күчөйт деген ойлор да айтылды. (BD)

XS
SM
MD
LG