Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Аманбек Жапаров, Бишкек Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан “Тыңчылык кылган” делип шектелип кармалган Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын мурдагы кызматкери Жыпаргүл Арыкова --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/40F67AF4-80D9-4DE3-9B61-A612AFA37B85.asp бир жылга чукул убактылуу кармоочу жайда кармалып, 17-майда үйүнө бошоп келди. Аны Биринчи май райондук соту 3 жылга колония-поселениеге кескен. Жыпаргүл Арыкованы мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу маселеси ал жаза өтөп жаткан түзөтүү мекемесинин административдик комиссиясында 24-майда каралат. Жыпаргүл Коопсуздук кызматы тарабынан кармалышынын чоо-жайын кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен болгон маегинде кыскача айтып берди.

- Жыпаргүл айым, Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайынан бошотулушуңуз менен. Мындан кийин сизди кырсык тоорубасын демекчибиз. Сиздин Коопсуздук кызматы тарабынан кармалышыңыз коомчулукта ар-кандай пикирлерди жаратты. Айрымдары сизди чын эле Кытайдын тыңчысына мамлекеттик жашыруун маалыматты бериптир десе, айрымдары бейкүнөө айыпталып жатат дешти. Мына ошол болуп өткөн окуя тууралуу өзүңүздөн уксак.

-Бул окуя кандай болуп кеткенин мен учурунда түшүнбөй калгам. Бул менин жашоомдогу эң оор сокку деп эсептейм. Менин жаңылыштыгым - биздин журналисттик ишибиздин таасири болду. Ошол басма сөз кызматында биз ачык маалыматтарды таратуунун негизинде ошол маалыматтарды мен өзүбүздүн тааныштарга бере коем деген ой менен мен ушундай кырдаалга дуушар болдум. Бирок мен муну ачык маалымат деп айтып келдим. Мындан кийин дагы мен берген маалымат эч кандай жашыруун эмес ачык маалымат деп айта бермекчимин.

- Мен жаңылбасам сизди өткөн жылы 19-июнда Коопсуздук кызматынын кызматкерлери кармап кетишти эле. Алар сизди жумуш ордуңуздан кармап күч менен алып кетиштиби же Коопсуздук кызматына чакырып, анан камаштыбы?

- Менин оюмча Коопсуздук кызматынын чалгындоо кызматкерлеринин атайын операциясынын негизинде кармашты деп эсептейм. Себеби мени менен кошо кармалган Кытай жараны (кытайлык кыргыз Исмаил Үсөк ) мени ошол күнү кайра-кайра телефон чалып, бир нече жолу сыртка чакырып, ушул кагазды алып чыгып беришиңизди өтүнөм деп суранды.

Мен “бул маалыматтын сизге кереги жок. Бул интернетте турган маалымат. Аны интернеттен деле таап алсаңыз болот” деп айтсам дагы, болбой эле кайра-кайра жанымды койбой сураган. Мен телефонго дагы жооп бербей койгом. Бирок аягында мен макул болуп, кагазды сыртка алып чыгып берген учурда мени Коопсуздук кызматынын кызматкерлери келип кармашкан. Мен муну алардын атайын кызматтык методикасы деп эсептейм.



- Түшүнүктүү болсун үчүн толугурак айтып кетсеңиз. Ал кагазда мамлекеттик же кызматтык жашыруун сыр жазылды беле?

- Бул бир барак кагазда “Манас” аба майданындагы Американын аскер-аба базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу парламентте журналисттердин катышуусунда ачык талкууланган маселенин чечими болчу. Мен (Үсөккө) берерден мурда парламенттин интернет сайтына бир ай мурда жайгаштырылган маалымат болучу. Бул жерде эч кандай кызматтык же мамлекеттик жашыруун сыр жок. Жогорку Кеңештин маалымат кызматында бардык маалыматтар ачык. Биз маалымат сураган журналисттерге, маалымат каражаттарына парламентте чагылдырылган маселелер тууралуу маалымат берип турчубуз.

- Сизди кармагандан кийин Коопсуздук кызматынын кызматкерлери же тергөөчү күч колдонуп, коруктуп-үркүтүп, психологиялык жактан кысым көрсөтүшкөн жокбу?

- Биринчи эле кармаганда : “Сиз мамлекеттик чыккынчысыз, чыккынчылык кылып маалымат берип атасыз”, - деп менин колума кишен салып кармагандагы айткан сөздөрү мага абдан оор тийди. Мен алардын койгон айыбы менен ошол саатта эле макул болгон жокмун жана акыркы саатка чейин өкүм чыкканча макул болгонум жок.

Мен муну мыйзамсыз деп эсептейм. Себеби, тергөө баштала электе, менин адвокатым жок кезде чалгындоо бөлүмүнүн кызматкерлери мени сиз чыккынчысыз деп айтканга эч кандай акылары жок болучу.

- Сиз Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайында он айдан ашуун камакта болдуңуз. Ал жердин шарты кандай экен?

- Түрмө деген түрмө. Анын өзүнүн шарты бар. Камера жабык болот. Камакта отурасың. Бирок менин денсоолугума байланыштуу жана өтүнүчүм боюнча маалымат алып туруу үчүн телевизор, өзүм тамак жасап ичүүгө шарт түзүп беришти. Себеби мен бир ай ошол тамак ичүүдөн аябай кыйналып, ооруп калдым.

Бир ай ошол жерде укол алып дарыланууга туура келди. Андан кийин менин денсоолугума байланыштуу мага шарттарды түзүп берди. СИЗОнун кызматкерлерине түздөн-түз менин таарынычым жок. Алар мүмкүн болушунча өздөрүнүн кайтаруу кызматтарын мыйзамдын чегинде аткарышты.



- Ошол мезгилде Жогорку Кеңештин спикери Марат Султанов баш болгон депутаттар сизге жардам көрсөтүштүбү? Же ошол учурдагы саясий оюндардан колу бошобой сиздин тагдырыңызга кызыгышкан жокпу?

- Сиз билесизби, мен кармалганда биринчи жолу ошол депутаттардан кандайдыр бир колдоону аябай күттүм. Алар Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргенге толук мүмкүнчүлүктөрү бар болуучу. Менин окуругумдан шайланган депутат болобу, же ата-энем шайлаган депутат болобу, же укук коргоо тармагына тиешелүү депутаттар болобу кылмыш ишине кийлигише албаса дагы келип менин акыбалым менен, жашоо шартым менен таанышабы деген үмүт, күтүү болду. Бирок андай жолугушуу болгон жок.

Мага убактылуу кармоочу жайга бир гана президенттин ошол кездеги адам укуктары боюнча комиссиянын мурдагы төрагасы Турсунбек Акун келип учурашып, бардык абалымды, денсоолугумду сурап кеткен. Бирок кармоочу жайга келбесе дагы ошол кездеги парламенттеги айрым депутаттардын колдоосун алдым.

Көпчүлүгү “Эл биримдиги” фракциясынан, алардан башка депутаттар маалымат басылмалары аркылуу мага колдоо көрсөтүп жатышты. Өздөрүнүн объективдүү, калыс ойлорун айтып турушту. Мени убактылуу эркиндикке чыгарууга өздөрүнүн макулдуктарын юридикалык кагаз жүзүндө берип турушту. Бул мага абдан чоң колдоо болду деп эсептейм. Алардын өздөрүнүн саясий иштери болсо дагы мен унутта калган жокмун. Өзгөчө маалымат каражаттары, сиздер сыяктуу журналист кесиптештеримдин колдоосу абдан зор болду. Мен кесиптештериме ушунчалык ыраазымын.

- Биринчи май райондук сотунда өткөн сот жараяны адилеттүү өттү деп эсептейсизби? Болбосо учурда сотторго ишеним көрсөтпөө коомчулукта көп кездешип жатпайбы.

- Сот жашыруун жабык эшик артында болду. Себеби менин кылмыш ишим “Өзгөчө жашыруун” деген гриф менен турат. Ошондуктан соттун жүрүшүн тереңирээк,толук айтып бере албайм. Бирок акыйкаттык жактан караганда сот мүмкүн болушунча ишти өтө терең юридикалык көз караш менен объективдүү караганга аракет кылды.

Ушул жерден мен баса белгилеп айта кетишим керек. Баклим коомчулукта ар кандай көз караштар пайда болушу мүмкүн. Мени сотту сатып алдыбы, сотко акча берди окшойт деген ойлор туулушу мүмкүн. Бирок мен акыйкаттык үчүн айтып коюшум керек: менин ата-энемдин акча берүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгү жок болчу. Демек бул жагынан алганда сот канчалык бир деңгээлде адилеттик кылды.



- Ошондо соттун чечими кандай болду?

- Мага үч жыл колония-поселениеде болушу керек деген өкүмүн угузду. Бирок менин СИЗОдо отурганым бир күн үч күнгө эсептелет, соттун чечимине ылайык. Ошондо мен он айдан ашык убактылуу кармоочу жайда отурганым үчүн жаза өтөө мөөнөтүм аягына чыгып барат. Мындан кийинки тагдырымды соттун чечими менен Жаза аткаруу башкармалыгы чечет.

- Сиз соттун чыгарган чечими менен макул болуп каласызбы же кийин жогорку инстанцияларга кайрыласызбы?

- Билесизби, соттук процесс төрт айга созулду. Тергөө иши беш айга чейин созулду. Муну моралдык жактан көтөрүү дагы мен үчүн абдан оор болду. Мен денсоолугумду жоготтум. Мен азыр кайра баштан соттук ишке кийлигишип ушул процессти кайра жаңыртууга денсоолук жагынан мүмкүнчүлүгүм жок болуп турат. Бирок убакыт, саат өтүп, тарыхый акыйкаттыктын өзүнүн убагы келгенде мен бул иштин чындыгын өзүм айтып берем деп ойлойм.

- Убактыңызды бөлүп биздин студияга келип азыноолак маек куруп бергениңизге чоң ырахмат. Жаза аткаруу башкармалыгы сиздин маселени адилет, калыс чечип берет деген ишенимдебиз. Жашооңузда экинчи кара булут айланбасын.
XS
SM
MD
LG