Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

15:55 Коомдук парламент күзгө чейин өлкөнүн өнүгүү концепциясын даярдайт


Бул тууралуу Коомдук парламент 23-майда тараткан резолюцияда айтылат. Анда эгемендиктин 17 жыл ичинде улуттун өнүгүү кызыкчылыктарына дал келе тургандай мамлекеттик жана коомдук түзүм калыптанбай, Кыргызстандагы бардык аракет бир гана президенттин колуна бийликти топтоого багытталды, экономикалык ырааттуу саясаттын жоктугу жалпы элди жакырданууга алып келди деп белгиленип, мындай туңгуюктан чыгуу үчүн Коомдук парламент өнүгүүнүн жаңы концепциясын түзүү чечимине келгени кабарланат. Чечимге ылайык жаңы концепция коомдук, мамлекеттик, административдик-аймактык түзүлүш, шайлоо,экономика жана эл аралык саясатты камтыган документтерден турат жана аны октябрь айына чейин 16 адамдан турган жумушчу топ иштеп чыгат. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG