Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

16:15 Коомдук парламент: “Түптөгү жүрүш катышуучуларына кол тийгизгендер жаза алышы керек”


Коомдук парламент Түптөгү окуя боюнча кабыл алган резолюцияда 26-апрелдеги жөө жүрүш катышуучуларынын адамдык укугун басмырлаган Ысыккөл облусунун губернатору баштаган бийлик жетекчилерин президент Конституциянын гаранты катары жоопко тартууга милдеттүү деп айтылат. Андан тышкары Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен Башкы прокурор Элмырза Сатыбалдиев окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо чарасын көрбөгөнү үчүн Ички иштер министринин орун басары Т.Субановду, Ысыккөл облусу менен Түп районунун тартип орган жетекчилерин жана укук коргоочу Сагын Аргымбаевди сабаган топту менен анын башында жүргөн Сарыбулак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Итикеевди жоопко тартуусу керек деп белгиленген. Ал эми укук коргоочулар эл аралык коомчулукка кайрылып, адам укуктарынын сакталышы боюнча баа алышы зарыл деген чечимге келген. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG