Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

“АК ЖОЛ” ПАРЛАМЕНТТЕ ЧАТАКТЫ ЫРБАТПООНУ ЧЕЧТИ


23-майда Жогорку Кеңеш Камбарата-2 ГЭСинин курулушун жалпы элдик курулуш деп атоо боюнча токтом кабыл алды. Андан сырткары бир катар эл аралык келишимдерди ратификациялады. Төрага Адахан Мадумаровго ишеним көрсөтүү, же көрсөтпөө маселеси “Ак жол” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/76D50049-79B8-496A-9E63-2BD9003AC79D.ASP фракциясында каралып, бирок ал парламенттин күн тартибине алып чыгылган жок.

Жогорку Кеңеш 23-майдагы жыйынында “Камбарата-2 ГЭСинин курулушун жалпы мамлекеттик маанидеги курулуш” деп атоо боюнча токтом кабыл алды.Токтомдун кабыл алынышына жана ал үчүн атайын фонд түзүлүшүнө айрым депутаттар каршы болду. Депутат Зайнидин Курманов:

-Андай фондко 001 сом түшөт. ХИПИК маселеси чыкканда да тышкы карыз үчүн акча чогултуу демилгеси көтөрүлгөн. Бирок каражат чогулган эмес. Андан көрө парламентти ремонттоого жумшала турган 40 миллион сомду ГЭСке жумшасак, анда жарашмак.

Ар кандай талаш-тартыштын соңунда депутаттар токтомду кабыл алышты, анда Камбарата-2 ГЭСинин курулушуна көмөк көрсөтүү өтүнүчү бардык мекеме-уюмдарга, калкка жолдонду.

Бул маселе чечилгенден кийин “Ак жол” фракциясынын лидери Элмира Ибраимова өз фракциясы үчүн танапис сурады. Жыйын соңунан кийин фракциянын башчысынын билдирүүсүнө караганда, фракцияда Жогорку Кеңештин имаратын ремонттоо маселеси талкууланды:

-Фракциянын жыйынында кызуу талкуу болду. Соңунда ремонт маселесин парламенттин бюджет жана финансы комитети карасын деген чечимге келдик.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Алишер Мамасалиевдин айтымында, фракциянын жыйынында төрага Адахан Мадумаровго байланыштуу маселе да талкууланып, бирок кырдаалды курчутпоо чечими жактырылды. Белгилүү болгондой Адахан Мадумаров өзүнө ишеним көрсөтүү, же көрсөтпөө маселесин парламентке коерун 22-майда билдирген. Бирок Мадумаров өзү кирген “Ак жол” фракциясы ал маселеге кайрылбоону чечип жатат. Белгилей кетүүчү нерсе, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети “Ак жол” сунуштаган маселени бүгүн эле карап, парламент имаратына ремонт жасабоо чечимин кабыл алды.

Бугүн депутаттар КМШ жана Шанхай кызматташуу уюмунун алкагында жетишилген бир катар келишимдерди да ратификациялады. Алардын арасынан Россия менен Кыргызстан ортосундагы келишим бир катар суроолорду жаратты. Коргоо министри Исмаил Исаков алып чыккан “Кыргызстан аймагында жайгашкан орус аскерий объектерин пайдалануу жана орус аскерлеринин статусу жөнүндөгү” протоколуна кошумча пункт киргизүүнү Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары Кубанычбек Исабеков сунуштады:

-Мен бул протоколду ратификациялоого каршы эмесмин. Ошол кезде эл аралык келишимдердин биздин ички мыйзамдарга үстөмдүк кылган учурлары көп эле кездешүүдө. Мисалы, “Жер” жана “Салык” кодекстери боюнча жерге ижара акысы төлөнүш керек. А бул келишимде ижара акысын коргоо боюнча комитети аныктайт деп жазылып калыптыр. Бул мыйзамга каршы келип жатат. Ошондуктан мен мыйзамга экинчи пункт киргизели деп жатам.

Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев бул маселе боюнча өз пикирин айтып чыкты:

-Урматтуу кесиптештер, мен ойлоп атам Кубанычбек Исабековдун сунушунда негиз бар. Бирок кошумча пунктту киргизүүнүн кереги жок. Себеби мыйзам бар. Эгерде мыйзам аткарылбаса өкмөттөн талап кылалы. Аткарбаса кызматтан кетирели. Бүгүнкү күндө бул өтө назик тема болуп турат. Мына Манас аба майданында килейген учактар турат. Бир канча миллиондогон акча түшүп жатат. Албетте, Россиядан деле акча алып, бюджетке түшүрсөк болот. Бирок АКШ базасынан деле бюджетке түшкөн жери жок.

Мына ушундай талкуулардан кийин протокол ратификацияланды. Бирок Кыргызстандагы аскердик базалар, ири фирмалар ээлеп турган жерлердин ижара акысы боюнча маселени иликтеп чыгуу өкмөткө тапшырылды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG