Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу органдары боюнча бөлүм башчысы Таштемир Эшалиев 23-май күнү «Азаттыкка» маалым кылды. Кадамжай районуна караштуу Миңчынар айылынан алыс эмес дыйканчылык талаасында, болжол менен 60-жылдарга тиешелүү делген жарылуучу авиациялык бомбаны «Айдаркен» чегара отрядынын мобилдик тобу аныктаган. Учурда авиа бомба табылган аймакта инженердик-сапердук иш аткарылып бүткөн. Табылган жарылуучу ок даарыны жардыруу жолу менен зыянсыздандырышкан. Маалымдамага таянсак өткөн кылымдын 1945-60-жылдары азыркы Кадамжай районунун Актурпак, Халмион айыл өкмөттөрүнүн жана Өзбекстандын Риштан районунун аймагында Советтик машыгуу полигондору жайгашкан болчу. Белгилеп кетсек, аталаган аймакта 2007-жылы үч даана жана 2008-жылдын март айында бир даана жарылбай калган авиа бомбалар табылган болчу. (SA)