Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

ГРУЗИЯДА БИЙЛИК ПАРТИЯСЫ ЖЕҢДИ, ОППОЗИЦИЯ АКЦИЯЛАРГА КАМЫНУУДА


Грузияда башкаруучу партия парламенттеги --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/9A66EAF0-403C-481E-974F-D89CD65B6335.ASP орундардын басымдуу көпчүлүгүн утуп алды. Бирок бириккен оппозиция бул жеңишти тааныган жок жана нааразылык акцияларына камынып жатат. Эл аралык байкоочулар шайлоо жалпысынан демократиялык талаптарга ылайык өткөнүн белгилеп, бир катар өксүктөрдү да көрсөтүштү.

Башкаруучу “Улуттук кыймыл” партиялык тизмедеги 75 мандаттын 44үн утуп алды, бир мандаттуу 75 округдун 71инде да анын өкүлдөрү жеңди. Баары болуп парламентте бийлик партиясынын 115 депутаты болот, бул ага конституцияны өз таламына ылайыктап өзгөрткөнгө мүмкүндүк берет.

Президент Михаил Саакашвили шайлоонун натыйжаларын жеке өзүнө көрсөтүлгөн элдик ишеним катары кабыл алды. Ошол эле учурда ал парламентке өткөн башка партияларга өкмөттүн ишин көзөмөлдөгөнгө укук берилет, бардык чечимдер оппозиция менен кеңешип,анын макулдугу менен кабыл алынат деп ишендирди.

Парламентке бириккен оппозиция блогу, ошондой эле христиан-демократтар, лейбористтер да өтүштү. Алардын көпчүлүгү шайлоонун ырасмий жыйынтыктарын тааныган жок, айрымдары атүгүл мандаттарынан баш тартарын айтышууда. Бириккен оппозициядагы лидерлердин бири Коба Давиташвили иш жүзүндө ар бир шайлоо жайында массалык бурмалоолор болгонун, көп адамдар жасалма документтер менен добуш беришкенин билдирди.

Оппозициянын бир бөлүгү алдыдагы дүйшөмбүдө - өлкөнүн көз карандысыздык күнүндө - нааразылык акцияларды баштоого чакырып жатышат. Аларда кайсы талаптар коюлат, канча күнгө созулат, кандай мүнөздө өтөт – азырынча белгисиз.

Эл аралык байкоочулар шайлоо негизинен тынч, позитивдүү маанайда өткөнүн белгилешти. Бул бүтүмгө АКШ да кошулду. Ак үйдүн өкүлү Том Кейси январдагы шайлоого салыштырганда бул жолку саясий өнөктүктү илгерилеген кадам деп баалады жана АКШ грузиндердин жаңы өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин ырастады.

Байкоочулар шайлоонун буруш жактарына да грузин бийликтеринин көңүлүн бурушту. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун миссия башчысы Жоао Соареш добуш берүүнүн жүрүшүндө бир катар проблемалар айкындалганын, азырынча Грузиядагы шайлоо системасы эл аралык стандарттарга толук төп келе электигин эскертти. Уюмдун узак мөөнөтүү миссиясын жетектеген Борис Фрлек мамлекеттик кызматкерлер менен саясатчыларды ажыратыш көп учурда кыйынчылыкка турганын, мисалы, элет жеринде элге электр, газ жана башка отун-суу жагынан социалдык жеңилдиктерди башкаруучу партиянын атынан бийлик өкүлдөрү бөлүштүргөнүн, чиновниктер шайлоочуларды опузалап, коркуткан учурлар болгонун бөлүп көрсөттү.

Фрлек административдик ресурстар арбын колдонулганына даттанган оппозициянын бир катар ырастоолору чындык экенин да танган жок.

Мындай сын пикирлерге байланыштуу ички иштер министринин орунбасары Екатерина Згуладзе: “Грузия азырынча Батыш Европанын стандарттарынан чын эле кыйла алыс, бирок постсоветтик стандарттардан эбак эле ат чабым алдыга кеткен”, - деп билдирди.

XS
SM
MD
LG