Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01

АКШда президенттикке талапкерлер өздөрүнүн диний ишмерлер арасындагы айрым саясий “сакабаларынын” айынан эки-үч курдай осол болушту. Биринчи болуп мындай абалга демократ-сенатор Барак Обама туш болгон эле. Акыркы аптада республикачыл-сенатор Жон Маккейн --> http://azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2008/05/87B72996-7C9E-435F-B784-8D216780B999.asp ушундай эки сүрөөнчүсүнөн кол үзгөнгө аргасыз болду.

Республикачылардан президенттин мандаты үчүн күрөшкө түшкөндөрдүн көбү быйыл февралда эле күйүгүп, жарышта жыдып калышкан эле. Алардан жалгыз чапкан ат күлүк болуп алдыга сенатор Жон Маккейн суурулуп чыккан. Ошол айда ага Техаста евангелисттердин он тогуз миңдей мүчөсү, өзүнчө телеканалы бар конгрегациясына – мазап жамаатына адый болуп жүргөн пастор Жон Хаги да саясий “батасын” берген. Буга демденген Маккейн чиркөө ыкласмандары алдында туруп: “Баарыңарга айтып койгум келет – бүт өлкөгө таанымал жана жалпы улут урматтаган пастор Хагинин колдоосуна татыганыма абдан сыймыктанам”, - деп айткан эле.

Өткөн аптада либералдык маанайдагы саясий сайттардын бири “жалпы америкалыктар урматтаган” ошол пастордун быкыйын чукуп чыгып, аны бир катар гезиттер көчүрүп басып жиберишти. Көрсө, 90-жылдары пастор өзүнүн диний ибаараттарынын биринде еврейлер бир кезде Европага толуп кеткендиктен кудай Гитлерди жиберип, аларды Холокост менен жазалаганын айтыптыр. “Бу кантип болду? Кудайдын буйругу менен болду. Эмне үчүн бул иш болду? Кудай еврейлерди атаа кылган жерине – Израилге кайтаргысы келген”, - деген экен Хаги.

Жон Маккейн пастордун бул сөздөрүн “анык кейбирдин кеби” деп баалады жана аны кескин четке какты. Сенатор буга кошумчалап Хаги эч качан анын руханий таалимчиси болбогонун, чейрек кылымдан бери пастордун ибаараттарын, сөөмөт сөздөрүн дегеле уга электигин айтып, актанды.

Хагиден жаңы эле кутула жаздап калганда Маккейндин дагы бир диний сүрөөнчүсү – пастор Род Парсли еврейлерге эмес, мусулмандарга асылып чыкты. “Ислам – антихристтердин дини, ал дүйнөнү зордук-зомбулук менен басып алгысы келет”, - деп ишендирди Парсли өз ыкыласмандарын. Маккейнге бул пастордун колдоосунан да шашылыш түрдө баш тартканга туура келди.

Мындан бир нече апта мурда демократтардын талапкери сенатор Барак Обама да өз пастору Жереми Райттан кол үзгөнгө аргасыз болгон эле. Райт диндарлар алдындагы ибаарат сөзүндө афро-америкалыктардын азыркы абалына кайрылып: “Өкмөт маң заттарын шыкап ошолорго берет, аларга арнап түрмөлөрдү курат, ырайымсыз үч мыйзам чыгарат да анан бизден “Американы кудай колдосун” (АКШнын бейырасмий ураан ыры) деп ырдоону талап кылат. Жок, таптакыр андай эмес, кудай Американы каргап жатат!”-деп айткан эле.

Пастордун бул ибараатын Обама расисттик үгүт деп айыптаган.
XS
SM
MD
LG