Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

“Талант тагдыры” түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы “Күлүк күнүндө, тулпар тушунда” дегендей өз кезегинде кыргыз эле эмес, чет өлкөлүк угуучулардын алкоолоруна арзыган “Кыргыздын Роза Баглановасы” деген атка конгон, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлмайрам Момушованын туулган күнүнүн 60 жылдыгына жана чыгармачылык тагдырына арналды.

Гүлмайрам Момушованын азыркыдай Алатоонун мөл булагындай туптунук мукамдуу үнүн укканымда, жеке архивимдеги жаадырай жайнай колуна роза гүлүн кармап микрофон алдындагы, өңүнө өң кошкон, үкү тагылган тебетейчен, не бир түркүн түстөгү жиптер менен көркөмдөлүп сайылган саймалуу бешмант кийип түшкөн сүрөтүн көргөнүмдө ырчынын ыр дүйнөсүнүн босогосун канча жашында аттаганы, кимдердин ырларын аткарып калк кадырына татыганын Кыргыз Улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониясынын К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде ырчы болуп иштеген, КМШ, Сирия, Дания, Түркия ж.б. өлкөлөрдө гастролдо болгон күндөрүн, айларын, жылдарын көз алдыман чубатам.

Анан ырчынын комуздун, ансамблдердин, оркестрлердин коштоосунда не бир руханий жан дүйнөңдү асылданткан жана кытыгылаган ырларын канчалык уксам да тажатпаган, тескерисинче кайра-кайра угууга кумарланткан аткаруучулук чеберчилигине таазим этем.

“Атбашым”

Сөзү, обону К.Тагаевдики

Көк чабык минип тоолордо,
Көпөлөк кууган кездерим,
Көп жылдап алыс жүрсөм да,
Көркөмүң эстен кетпедиң,
Оюмда дайым, оюмда дайым,
Түркүн гүл өскөн тескейин.

Алтынга теңейм тоо-ташын,
Ак карлуу бийик аскасын.
Алыстан кетсем да Атбашым,
Көркүнө толсом, булбулуң болсом,
Көрктөнгөн кайын арчасын.

Көгүлтүр килем талаасы,
Элимдин тунук санаасы
Аксай, Арпа, Арашан
Жаныма кубат абасы,
Токою, тоосу көк жашыл болгон
Атбашым бакыт калаасы.


1966-жылы Гүлмайрам Кыргыз филармониясынын босогосун аттайт. Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин таланттуу музыканты, обончу Кадырбек Кадыралиевге турмушка чыгат. Гүлмайрам этегинен жалгап Канат, Самат аттуу эки уулду, Салтанат деген кызды төрөйт. Кадырбек менен Гүлмайрамга өкмөт ордо калаанын так ортосунан төрт бөлмөлүү үй берет. Ошентип эки жардын бактылуу турмушу башталат.

Гүлмайрамдын сахнада турган турпаты, ырдоосу, жайнаган ажардуулугу, өңүнүн ымдоо-жаңдоолору, тигил же бул ырды кыйналбай, кысталбай эркин ырдаганы, үнүнүн түсү (тембри) СССРдин эл артисти, айтылуу казак ырчысы Роза Багланованы элестеткенинен угармандар Гүлмайрамды “кыргыздын Баглановасы” дешет.

“Жүрөк вальсы”

Сөзү Б.Курмановдуку. Обону Р.Абдыкадыровдуку

Кыраңдан үзүп алганым,
Кызарган жыпар гүл болсо,
Кырчындай болгон өмүргө,
Кылымдар шаттык күн болсо.

Адырдан үзүп алганым,
Ачылган жыпар гүл болсо,
Алтындай болгон өмүргө
Ар дайым бейкут күн болсо.

Бир жүргөн жыргал күндөрчү,
Биз терген жыпар гүлдөрчү,
Жылдызын санап асмандан,
Жыргаган эркин түндөрчү,
Калыпмын анда барк албай
Кайрылып ал кез бир келчи.


“Өлүм айтып келбейт” дегендей Гүлмайрамдын атагы алыска тарап, угармандардын урматоолоруна ээ болуп турганда күтүүсүз жерден өмүрлүк жолдошу Кадырбек каза табат. Гүлмайрам “Өз үйү, өлөң төшөгүнө” айланган филармониядан айдалат. Өлгөндүн үстүнө көмгөн турмуш башталат. “Эл оозунда элек жок” дегендей угуучулардын арасында “Гүлмайрам ичип кетиптир. Үй-жайынан айрылыптыр. Балдарынын тилин укпай күнүмдүк жашоонун айынан ар кимдикинде, Сокулукта жашайт экен. Кайран гана талант” деген ушак-айыңдын айынан чын-бышыгын билиш үчүн издөө салдым. Таппадым.

2006-жыл. Декабрь айы. Гүлмайрамдын филармонияда концерти болот экен деген кабарды угуп, филармонияга бардым. “Жерден издегеним көктөн түшө калгандай” болуп Гүлмайрам менен жолуктум. Ал-жайды сурашкандан кийин, эмне себеп менен филармониядан кеткенин билиш үчүн микрофон сунганымда, ал:

- Филармониядан 1985-жылы кеттим. Ар кандай себептер менен кеттим. Арак ичип концертке келдиң деп филармониядан чыгарып ийишти.

-Азыр өзүңдүн акыбалың, жашооң кандай?

- Акыбалым азыр түзүк эле. Турмушум эл арасында эптеп-септеп өтүп атат.

Ал эми Гүлмайрамдын табигый талантына таазим этип, кирбеген жетекчилердин эшиктерине кирип, Гүлмайрамдын атайын концертин уюштурган Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясынын белгилүү режиссеру Рабига Алыбаева буларды айтты:

- Гүлмайрамдын талантына, Гүлмайрамдын чыгармачылыгын газета-журналдарга, радиого, көгүлтүр экранга чагылдырып жүргөн күйөрмандарынын биримин десем жанылышпайм. Гүлмайрамдын мени кейиткени азыркы оор турмуштагы акыбалы, жашоосу, кыйналып турганы. Анан мени кубантканы жүзү баягыдай эле жаркылдап, үнү өчпөстөн баягыдай эле мукамдуу жаңырып турганы. Бүгүн Гүлмайрам үчүн дагы, режиссер мен үчүн дагы алдыбызда кубанычтуу күн турат. Гүлмайрамды элдин алдына жаркыратып алып чыгып койсом, Гүлмайрамдын баягы үнүн сагынган мурунку угуучуларыбыз угуп рахат алышса деген тилегим бар. Угуучулар кандай кабыл алышат. Ал биз үчүн табышмак. Концерттик залга чоң-чоң көчмө телевизиондук радиостанцияларды орноттук. Бул болсо биздин талантты сыйлагандык, талантты баалагандык, урматтагандык. Биздин телевидениенин жетекчилери бардыгын уюштуруп берди. Филармониянын директору Керим Турапов бардыгына шарт түзүп, бардыгын бекер уюштуруп берди. Өткөндө Тураповго кирип талантты сыйлаган урматына ырахматымды айттым. Ал эми телерадио корпорациясыннын директору Кыяс Молдокасымов жарнактарды бекер жасатып берди. Мен ойлойм бул талант өлбөс, өчпөс талант. Алсак, Таттыбүбү Турсунбаева, Бакен Кыдыкеева эжелерибиз сыяктуу эле Гүлмайрам да кыргыздын маданиятына, элдик ыр өнөрүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон кыздардын бири. Мына ушундай кыздарыбызды азыр көтөрүп, баалап, ардактап албасак, качан урматтайбыз.

Гүлмайрамдын концертинин башталарына жарым саат калганда, анын филармониядан кеткенден кийин кайда жүргөнүн билиш үчүн кайрадан микрофонду сунганымда, ал:

- Мен филармониядан кеткенден кийин айылга кеттим. Көп жыл болду. Рабига Алыбаева деген курбум мени аябай издеп жүрүп, мени таап: - сен дайыма ырдашың керек. Эмне үчүн айылда жүрөсүң деп, радиодон берип, телевизордон чыгарып, азыр болсо концертимди берип атабыз. Мен ага ушунчалык ыраазымын.

-Үнүң кандай?

- Сиз келип угуңуз. Үнүм жакшы эле.

-Концерттерде кайсы ырды ырдайын деп атасың?

- Баягы эле өзүм ырдап жүргөн ырларымдын баарын күчүмдүн жетишинче ырдайын деп атам. Көп ырдабай жүргөнүмө байланыштуу үнүм бийик нотага анча жетпей калыптыр. Ал эми төмөнкү нотадагы ырларга үнүм аябай жакшы. Негизинен карып баратсам керек деп ойлонуп атам, - деген эле Гүлмайрам.

Концертте Момушова өзү айткандай Э.Мааданбековдун, Ү.Сыдыковдун, Ж.Шералиевдин, К.Тагаевдин, А.Малдыбаевдин, Р.Абдыкадыровдун ж.б. авторлордун ырларын аткарды.

“Койчунун ыры”

Сөзү Т.Салиевдики. Обону Р.Абдыкадыровдуку

Ат баспаган асканын
Аралай басып ак карын,
Жайыттап күнгөй-тескейди
Кой болду менин бакканым.
Тээтиги сары кыр жакка,
Чойт, эркечим! Чойт, эркечим, баштагын.

Ат баспаган асканын,
Мен бастым шыгал, таштарын,
Кой баккан сонун турбайбы
Балалык ойду таштадым.
Тээтиги Кара шорого
Чойт, эркечим, Чойт, эркечим, баштагын.

Дегеле келбейт чарчагым,
Аңкыса жыты арганын,
Кыз сүйгөндөй болосуң
Сылап саамай чачтарын
Күн кечтеп кетти короого
Чойт, эркечим. Чойт, эркечим, баштагын.


Мындан эки жыл мурда өткөн концертинде Гүлмайрам азыркы сиздер уккандай ырларды аткарып, угармандарды ырахатка бөлөгөн эле. Үстүбүздөгү жылы ал 60 жашка чыкты. Режиссер Рабига Алыбаеванын маалыматына караганда, Момушова бүгүнкү күндө Сокулукта Болпуш айымдын үйүндө жашап, паспортун жоготуп ийип, пенсияга чыга албай жүрүптүр. “Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” дегендей Гүлмайрам жашоодон канча жаңылса да, канча мүдүрүлсө да акыл калчап, калган өмүрүн балдары, неберелери менен бирге өткөрөт деген ак тилек, чоң үмүт бар.
XS
SM
MD
LG