Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:19

УКРАИНА КАСПИЙ МУНАЙЫН ЕВРОПАГА ЖЕТКИРҮҮНҮН АМАЛЫН ТАПТЫ


Амирбек Усманов, Прага Каспий мунайын түз эле Евробиримдикке сатуу, Евробиримдиктин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/E1DCF636-69F8-4561-AA11-24ECBF91C72E.asp Орусияга болгон энергетикалык көзкарандылыгын азайтуу маселеси жума күнү Киевде аяктаган эки саммитте талкууланды. Украин президенти Виктор Ющенко жыйынга катышкан алты өлкөнүн лидерлерин Москванын «энергетикалык шантажына» моюн сунбоого чакырды. Расмий Киев Каспий мунайы Украина аркылуу Евробиримдикке өтүүсүнө ынтызар. Бул план ишке ашса, Орусиянын региондогу энергетикалык үстөмдүгүнөн бир кыйла жеңилдейт.

Киевдеги саммитке Азербайжан, Грузия, Эстония, Латвия, Литва, Украина, Польшанын президенттеринен башка да 30 өлкөнүн, ошондой эле Евробримдик, Улуттар Уюму, ЕККУ, Дүйнөлүк банктын, Европанын реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын мартабалуу өкүлдөрү катышты.

Айрым өлкөлөр Москваны отун энергиясын саясый максатта колдонот деп сындашты. Украин президенти Виктор Ющенко энергия коопсуздугун камсыздоо үчүн жыйын катышуучуларын чогуу аракеттенүүгө чакырды:

- Энергетика көбүн эсе саясый мүнөздөгү маселеге айланып барат. «Энергетикалык шантаж» деген термин дипломаттык сөздүктөн орун тапты. Энергетикалык кысым дүйнөлүк мамилелерде кеңири колдончу болду. Евроазия регионундагы кырдаал энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн бизди чогуу чара көрүүгө мажбурлайт.

Украин тарап Каспий мунайын Евробиримдикке жеткирүү үчүн Одесса- Броды боросун Польшанын Плоцк шаарына чейин узартууну сунуш кылууда. Планды ишке ашыруу үчүн мунай Грузиянын Батуми портунан кемеге жүктөлүп, Одессага жеткирилүүгө тийиш.

Азербайжан бул долбоорду колдоо менен өзү да Украинанын базарына чыгууга кызыкдар экенин президент Алиев билдирди:

- Азери мунайы Кара деңиз бассейниге эркин жеткирилип турат жана Одесса-Броды куурун толтуруу үчүн пайдаланылышы ыктымал. Бирок, кеңири масштабдагы кызматташуу же мунайды чогуу иштетүү, жарнакташып жеткирүү, азери мунайын Украинанын, балким, коңшу өлкөлөрдүн базарына сатуу жөнүндө кеп болуш керек.

Президент Алиев украин тарап сунуш кылган долбоорго байланыштуу эч нерсе айткан жок. Ал эми Ющенко 5-июлда Алиев менен кездешип, Каспий мунайын Одессы-Броды боросуна жетирүүнүн жолун сүйлөшө турганын билдирди. Казакстан да бул долбоорго кызыкдар экени маалымдалды. Бирок, лондондук эксперт Матью Клементс Казакстан жакынкы жылдары Украина сунуш кылган долбоорго кошула албайт деп санайт:

-Бул болочоктун иши. Анткени, Борбор Азия өлкөлөрүнөн мунай же газды Европага же Украинага Россияны айланып жеткирүү өтө кыйын. Мунайды танкерде Каспий аркылуу ташып өткөн соң, Баку - Тбилиси- Жейхан боросу менен Түркияга, андан ары Европага жеткирилет.

Президент Ющенко ортого салган долбоорду Евробиримдик келерки айда колдойт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG