Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Сирия Израилдин чакырыгын четке какты


Сириянын мамлекеттик "Тишрин" гезитинин бүгүнкү редакциялык макаласында Израиль тынчтык сүйлөшүүлөрүн утурлай, алдын ала шарт койо албасы айтылган. Мурдарак Израилдин тышкы иштер министри эгер Сирия тынчтык келишимин кааласа, "Хезболла" жана "Хамас" өңдүү уюмдарга колдоо көргөзүүнү жана Иран менен алакасын токтотуусу керектигин билдирген эле. Сирия жана Израиль сегиз жылдык тыныгуудан соң тынчтык сүйлөшүүлөрүн калыбына келтирүүгө ниеттенип жатканы жакында белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG