Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлү британ өкмөт башчысы Гордон Браун Тибеттин рухий лидери Далай лама менен кездешүүсүн өлкөнүн "ички иштерине кийлигишүү" катары баалады. Кытай Тибеттин лидерин март айындагы элдик толкундоолордун артында турганы үчүн айыптап келүүдө. Гордон Браун аны менен кечээ кездешкен. Жолугушуу бейрасмий мүнөздө болуп, британ өкмөт башчысынын резиденциясында эмес, англикан чиркөөсүнүн башчысы, архиепископ Кентерберийсктин сарайында өткөн.