Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:04

Бул жолу “Эл үнү” уктуруусуна кайрылган угармандарыбыз айрым саясий жана коомдук ишмерлердин жүрүм-турумдары, алардын тутунган позициясы, өлкөдөгү бүгүнкү экономикалык --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/5185A682-FA51-4398-84AB-986FF28C87CE.asp жана социалдык кыйынчылыктар, кымбатчылык сыяктуу маселелердин үстүндө ой-пикирлерин билдиришти.

“Эл үнүнө” байланышка чыккан Кант шаарынын тургуну Үрүлкан айым, Кытайдан каттаган жүк ташуучу унааларга чектөө киргизип салуу керектиги тууралуу айтып, чегарага келгенде алардын жүгүн кыргызстандык жүк ташуучулар тартып кетишсе пайдалуу болорун кеп кылды. Жакында эле бул маселе чечилбей келгендиктен кыргызстандык жүк ташуучулар нааразычылык уюштурушканын айткан угарманыбыз, жергиликтүү жүк тартуучуларга колдоо көрсөтүү зарылдыгын баса белгилейт. Ошондой эле ал кымбатчылык барган сайын элди жүдөтүп баратканын, ошентсе да буга карата бийлик алсыздык көрсөтүп, саясат менен гана алек болуп жатышканын айтат.

Ал эми Базаркоргондук Төрөкан Алимов кымбатчылык тууралуу ой-пикирлерин билдирип коюуну чечкен. Анын айтымында, кымбатчылык болуп, күйүүчү майлардын баасы өтө кымбаттап кеткендиктен жер-жерлерде көптөгөн дыйкандар жерлерин айдай албай калышты, күндүн ысык болушунан улам жайыттарда тоют чөп жылдагыдан аз чыкты. “Ушундан улам бул жылы кыргызстандыктар үчүн кыйын жылдардын бири болуп калышы мүмкүн”, - дейт ал.

Сокулуктан байланышка чыккан Өндүрүш Токтоназаров аттуу угарманыбыз көп нускалуу “Супер инфо” гезити тууралуу пикирин билдирди. Ал гезиттин эмне себептен жылдын гезити болгонун, аты эмнеге орусча болуп калганына кызыкты.

Угарманыбызга “Супер инфо” гезитинин ээси Кылычбек Султанов жооп берип, угарманыбыз “Супер инфо” гезитинин жылдын гезити болгону тууралуу бир аз туура эмес маалымат алып алганын, гезит жөн гана эң көп нускалуу гезит деген номинацияда жылдын гезити болгонун айтты. Анын айтымында, “Супер инфо” гезити башында “Супер сканворд” деп чыгып келген, бирок кийинчерээк гезитке маалыматтар көбүрөөк чыга баштагандыктан анын атын өзгөртүп, “сканворд” деген сөздү “инфо” дегенге алмаштырышкан. “Гезиттин аты орусча болгону менен заты кыргызча”,- дейт К.Султанов.

Ал эми Балыкчыдан байланышка чыккан Айша аттуу ардагер айым, саясат талдоочу Жолборс Жоробековго суроо жолдоп, “эмне себептен президент Курманбек Бакиевди жактап сүйлөп келатасыз, жөн гана кошомат кылып жаткан жоксузбу”, - деп сурады.

Угарманыбызга саясат талдоочу Жолборс Жоробеков өзү жооп берип, кайсы бийлик болбосун эч бир адамды канаатандырбасын, азыркы Бакиевдин саясаты аны толук канаатандырбаса да көп жагынан жага турганын айтты. “Жаманбы-жакшыбы Орусия, Казакстандагыдай партиялар пайда болду. Ал өткөөл мезгилде стабилдүүлүктү сактаганга өзүнүн ролун ойнойт. Грузиянын президентинин деле өз партиясы бар. Эгер Украинадагыдай болсок дагы эле талашып-тартышып жүрө беребиз. Бирок мен таптакыр оппозиция болбосун дегенден алысмын”,- дейт ал.

Баткен облусундагы кабарчыбыз Сабыр Абдымомуновго кайрылган угармандарыбыз болсо, азык-түлүктүн барган сайын кымбаттап баратканы элди жүдөтүп жатканын, ошол себептүү элдер Орусия, Казакстан тарапка кетүүгө мажбур болуп жатышканын айтышкан.

Чүйдөгү кабарчыбыз Жазгүл Жамангуловга кайрылышкан жергиликтүү тургундар болсо, көбүнчө электрдин көп өчүп жатышканына нааразы болуп, кымбатчылык бир четинен кысып жатканын айтышкан. “Бардыгы кымбат, үйдө электр жарыгы бат-бат өчөт, эми кыштан чочуп атабыз. Президент “тезек тергиле” дебеди беле, айла жок чоң капты жонго артып алып талаада тезек терип атабыз”,- дешет Чүй дубанынын тургундары.

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылып, сизди түйшөлткөн маселе тууралуу ой-пикириңизди билдирүү үчүн 66-68-14 жана 66-68-15 номурлары боюнча телефон чалыңыз.
XS
SM
MD
LG