Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

Өтүп бараткан аптада Кыргызстанда бир катар чуулгандуу окуялар болду. Анын ичинде Жогорку Кеңештин төрагасы менен президенттик администрациянын башчысынын айгышкан чатагы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/FBED0EFF-C877-4D1D-B6A6-9D79CCD9BD56.asp ачыкка чыкты. Ал эми оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров президентке кол салууга даярданбаганын билдирсе, Коомдук парламент өлкөнүн бийлик системасын өзгөртүү боюнча көз карашын жарыялады.

Өтүп бараткан апта Жогорку Кеңештеги чуулгандуу чатак, же президенттин жакын адамдарынын айыгышкан кармашы менен эсте каларлык болду. Чатактын башы, же себеби парламенттин имаратын анын 85 жылдыгына карата оңдоп-түзөөгө байланыштуу чыкканы менен анын түбү тереңде экени белгилүү .

Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров парламенттин имаратын ремонт ишин президент колдоорун 22-майда парламент жыйынында билдирген эле:

-Президент менен кече сүйлөшкөнмүн, анда айтты Игорь Чудинов Польшадан келгенден кийин акча булактарын көрсөтүп кирсеңер “мен Жогорку Кеңешти ар качан колдоп келгенмин, дагы да колдой беремин” деген сөзүн айтты. Мен болгон сөздү сөзмө-сөз айтып бердим. Бул жерде Мадумаров, Баекова, Турсунбаев, Исабеков биригип алып эле ушуну жасайлы деп жактан жок. Бул макулдашылган нерсе.

Адахан Мадумаровдун пикиринде, бул ишке президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов каршы чыгып жатат жана ал киши бул кызматта турганда мамлекетте саясий оюндар токтобойт.



Өз кезегинде Медет Садыркулов ремонт ишине президент каршы экенин билдирген. Президентти ортого салуу, же аны калканыч тутуунун кезектеги учуру учкундап бараткан “ремонт” чатагына май чачкандай эле болду. Бул ирет “Ак жол” фракциясынын башчысы Элмира Ибраимова президент менен сүйлөшкөнүн жана мамлекет башчысы ремонт ишине каршы экенин парламенттин ошол эле 22-майдагы жыйынында ачыктады:

-Мен жакында эле, 45 минута мурун президент менен сүйлөштүм. Курманбек Бакиев бул маселе боюнча позициясын депутаттарга жеткирүүнү мага тапшырды. Ал айтты, бул маселени быйылкы жылы караштыруу максатка ылайыктуу эмес деп.

“Ак жол” фракциясынын башчысынын мындай билдирүүсү Адахан Мадумаровдун “чагылгандай жарылуусуна” алып келди:

-Конституциянын өзгөрүп кеткенин мен билбептирмин. Жогорку Кеңеш менен президенттин ортосундагы мамилени Жогорку Кеңештин төрагасы менен президент чечет деген талапка өзгөртүү кирип кетип, ал жерде фракциянын жетекчиси чечет деген Конституцияны мен окуй элекмин. Бул жерде өтө ыңгайсыз жагдай төрага менен президенттин ортосундагы маселеге башка кишинин кирип кеткендигинде. Мындай шартта мен башка маселени добушка коем. Мен Мадумаровго Жогорку Кеңештин төрагасы катарында ишеним көрсөтүү, же көрсөтпөө маселесин добушка коем. Мага өкмөт тарабынан да, сот бийлиги тарабынан да бирдей сый мамиле кылууну талап кыламын. Бул менин талабым эмес. Бул Конституциянын талабы. Эгер мага бир айтып, эки-үч кишиге башканы айтса... бул саясат бизди эч качан жакшылыкка алып барбай турган саясат.

Төраганын өзүн добушка салуу тууралуу сөзүн бекем кармаган президенттик администрациянын башчысына жакын депутаттар, же мурунку “Менин өлкөм” партиясынын мүчөлөрү Орзубек Назаров, Зайнидин Курманов жана Галина Куликова Адахан Мадумаров өзүнүн сөзүн аягына чыгарышын талап кыла башташты.

“Ак жол” фракциясы өзүнүн жыйынында бул чатакты ырбатпоону чечкен менен чуулгандуу чуунун аягына чыгыш үчүн, же Мадумаровдун төрагалыктан кетүүсү, анын натыйжасында “Ак жол” партиясында, фракциясында олуттуу кагылышуулардын чыгуусуна акыркы гана чектер калып турат.



Бийлик башында түзүлгөн мына ушундай кырдаал жана Жогорку Кеңештин төрагасынын айланасындагы чатак кандай чечилет деген сыяктуу суроолор менен белгилүү саясатчы, “Коомдук парламенттин” төрагасы Абдыганы Эркебаевге кайрылган элек:

“Азаттык”: -Абдыганы мырза, мына ушул жумада “Ак жол” партиясынын ичинде чатак чыкты. Ошол эле кезде бул чатак президенттик администрациянын башчысы менен Жогорку Кеңештин төрагасынын ортосундагы араздашуу менен күчөдү. Бул чатактын себеби эмнеде? Ал эмне менен аяктайт?

Абдыганы Эркебаев: -Маалымат каражаттары аркылуу бул чатак менен кабардар болдум. Бул бир чети өкүнүчтүү иш. Анткени бийликтегилердин ортосунда чатак мурда боло келгендей окуя кайталанып жатат.

Экинчиси, бул күтүлгөн иш. Мен күзүндө “Ак жол” партиясы түзүлгөндө эле айттым эле, бул партия идея, принцип боюнча санаалаштардын, пикирлештердин уюму катары эмес, бийликтин күчү менен тез, жасалма жол менен түзүлдү деп. Анын үстүнө ал партияда Кыргызстанга ачык-айкын таанылган лидер да жок. Ошого жараша ич ара келишпестиктер, бирин-бири өйдө-төмөн санагандар да жок эмес. Кичинекей маселеден ал көрүнүп калды. Демек, биз ачык эле айтсак болот, жасалма жол менен түзүлгөн мындай уюм эч убакта биримдиктүү болбойт. Анда аргасыздан гана, бийлик үчүн гана биримдик болбосо, иш жүзүндө ар кимисинин кызыкчылыгы ар башка болуп кете берет.

“Азаттык”: -Бул чатактын түбүн айрым саясатчылар, талдоочулар 2010-жылдагы президенттик шайлоо менен байланыштырып жатат.

Абдыганы Эркебаев: -Түшүнүктүү. Сөзсүз ушундай жагдай жок эмес, бар. Адахан Кимсанбаевич 2005-жылы эле досу Данияр Үсөнов экөө бирге президенттик шайлоого катышабыз деп ачык айтышкан. Маалымат жыйынын өткөрүшкөн. Андан кийин аргасыздан Бакиевди колдоп, аны менен биригишкен.

Адахан Мадумаров ушул күнгө чейин Курманбек Салиевичти аябай мактап, атүгүл ашыкча көтөрүп келди. Ошого карабастан кечээ жакында президент ооруп калган мезгилде көп сөздөр чыгып кетпедиби, “кайрадан досу экөө башка пландарды куруп жатат” деген. Албетте, андай сөздөр президентке да жетет. Мына ошондо башталган иш азыр ырбап, кечээки деңгээлге жетти.

Дегеле Адахан Мадумаров эмес, оппозицияга оогон, же ага жакын жүргөн, атүгүл ортодо калыс адамдарды деле каралоо, өзүн же туугандарын айыптоо, кээ бирөөлөрдү коркутуу иштери болуп жатпайбы.

“Азаттык”: -2010-жылга чейин саясий талааны тазалоо иши жүрүп жатабы?

Абдыганы Эркебаев: -Ооба, алдыдагы чоң саясий өнөктүктөргө, ачык айтканда президенттик шайлоого карата алдын ала көрүлгөн камкордуктун бир элементтери. Ошого катышуусу мүмкүн деген адамдардын тизгинин тартуунун көрүнүшү.

“Азаттык”: -“Ак жолдогу” чатак эмне менен аяктайт? Адахан Мадумаровдун тагдыры кандай чечилет?

Абдыганы Эркебаев: -Мен Адахан Кимсанбаевичке башынан бирге жүргөн, жакын адам катары айтаарым, ушу кичине оор басырыктуу болсо. Бул төрагалык, мамлекеттик жетекчилик өтө кылдаттыкты талап кылган иш. Тилекке каршы чатак ушундай дэңгээлге жетип, ал өзү ачык айтып жибербедиби, “Курманбек Салиевич мага бирди айтып, башкага башканы айтат” деп. Ушундай шартта Адахан Мадумаров жигитчилик кылса, жанагы өзү койгон маселени шарт коюп, аягына чыгарыш керек. Антпесе парламенттин өзүндө да, башка жерде да, жалпы элде да бул маселе кайра козголо берет, курчута берет. Ошондуктан куйрукту шарт кесиш керек. Же антип айтпаш керек эле. Айткандан кийин акырына чыгарыш керек.

“Азаттык”: -Маегиңизге ырахмат.



Бул жумада дагы бир чуулгандуу окуя “Асаба партиясынын мурунку лидери Азимбек Бекназаровго байланыштуу болду. Бекназаровдун айтымына караганда, аны 20-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орунбасары Турдубек Алмаматов чакырып, “президенттин өмүрүнө кол салууга даярданып жатпайсыңарбы” дегендей маанайда аңгемелешкен. Бекназаровдун өзү андай айыптоолорду четке кагып, бирок мындай сөздүн чыгыш себебин төмөндөгүдөй негиздеди:

-Бул эмне жыттанат? Мен оюмча, акыркы кезде президенттин аброю - жасап жактан ишине жараша өтө төмөн түшүп барат. Мына ошол рейтингин көтөрүү максатында кандайдыр бир акция өзүнүн атайын кызматтары тарабынан уюштурулуп жатышы ыктымал. Андайга менин талапкерлигим атайын кызматтар үчүн туура келип калса керек. Эгерде президентке кол салуу уюштурулуп, ал ишке ашпай калса, анда Бекназаров ушуну уюштурду деп, мени жоопко тартышы мүмкүн. Бул биринчиси.

Экинчиден, мүмкүн эки-үч адамды чындап эле табышы ыктымал. Эки-үч адамды таап, алар Бекназаров бизге айткан деп чыгат. Анан Топчубек Тургуналиевди 1999-жылы 16 жылга кесип жибергендей, мүмкүн эки-үч адам кармалып, Беканзаров ушуларды уюштурган деп соттоп жибериши ыктымал. Эмне үчүн? Себеби президенттик шайлоо жакындап баратат. Азыр президенттин колунда карта бар, кимдер анын потенциалдуу оппоненти болот деген. Ошолорго каршы жасалган аракеттер. Мисалга мына Кадырбеков Ишенбай камакта жатат. Үчүнчү, мүмкүн биз айтып көнүп калган үчүнчү күч азыркы президентти жок кылып, анан мени көрсөтүп коюушу мүмкүн
.



Азыркы кезде Бекназаровдун айланасында болуп жаткан окуя Аскар Акаевдин тушунда Топчубек Тургуналиевге коюлган айыпка окшош болуп чыгууда. Топчубек Тургуналиев мурунку бийлик тушунда ага коюлган айыптар тууралуу буларды эскерди:

-Анда Акаев төртүнчү мөөнөткө президенттик шайлоого даярданып жаткан. Ошонун алдында мени чакырышып, анан камашпадыбы. Шайлоого түздөн-түз тоскоол болушу мүмкүн деп.

Жогоруда белгиленгендей Азимбек Бекназаров жана Адахан Мадумаровго коюлуп жаткан чабуулдун бир себеби улам жакындап келаткан 2010-жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу болууда. Дал ушундай себеп менен өз кезегинде Алмазбек Атамбаев өкмөт башчылыктан айдалып, күч алып келаткан Марат Султановдун мурунку Жогорку Кеңештеги тобу чилдей таратылган эле.

Азимбек Бекназаров да 2010-жылы президенттикке талапкер катары чыгууга белсенген саясатчылардан. Ошондуктан аны дагы азыртан бутун тушоо бийлик үчүн максатка ылайыктуу болуп тургандай. Аны Топчубек Тургуналиев туура деп боологолойт:

-Бийлик, өзгөчө Улуттук коопсуздук кызматы мындай нерсени бекер жасабайт. Биринчиден, бул бийликке, президенттин экинчи мөөнөткө шайланышына абдан тоскоол болушу мүмкүн деп, азыртан даярданып жатышат го. Ошондой абдан чоң тоскоол боло турган адамдарды жолдон тазалашы мүмкүн. Мындай аракеттер мурда да болгон. Эгерде Азимбек Бекназаровду ошентип адегенде аңгемелешүүгө чакырса, анда башталышы го.

Ушул кезге чейин команда түзүү, партия түптөөдөн алыс болуп келаткан Адахан Мадумаров парламент төрагалыгына келгенден кийин чакан болсо да өзүнүн командасын түптөөгө киришип, эл аралык деңгээлде демилгелер менен чыгып, ал демилгелерин кайсы бир деңгээлде өз алдынча турмушка ашырууга аракеттене баштады.

Маселен, төраганын Шанхай кызматташуу уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын штаб-квартирасын Чолпонатага жайгаштыруу аракети. Бул максатта Адахан Мадумаров ШКУга кирген өлкөлөрдүн элчилерин чакырып, алар менен мамлекет башчысы сыпатында жолугушуу өткөргөндөй болду. Бул дагы президенттин айланасындагыларга жага бербеси турган иш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG