Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Иштегенине жарым жыл толо элек парламенттин кризиске капталышына төрага А. Мадумаровдун Жогорку Кеңеш имаратын оңдоо --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/C557C43F-0BDD-4FBF-8835-9C7B7A7AC8E2.asp демилгесине “Ак жол” партия жетекчиси менен фракция башчысынын каршы чыгышы себеп болду. Төраганын партиялаштарынын өзүнө карата ишенимин добушка коюу аракетинен да натыйжа чыккан жок. Катуу башталган талаштын бүдөмүк натыйжасы тууралуу “Азаттыктын” бүгүнкү “Бетме-бет” пикир алышуусуна чакырылган парламент депутаттары, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бегаалы Наргозуев менен Социал-демократиялык фракция жетекчиси Бакыт Бешимов ой бөлүштү. Талкууну Бекташ Шамшиев уюштурду.

Бекташ Шамшиев: - Бу талаш бийлик партиясындагы ичара мамилени ачыкка чыгарып койгон окуя болду. Бегаалы мырза, “Ак жол” фракциясынын ичинде ичара жиктелүү жүрүүдө, аны Э.Ибраимова менен А.Мадумаровдун ортосундагы кайым айтыш деле көрсөтүп турат. Чатактын чыгышына эмне себеп болду?

Бегаалы Наргозуев: - “Ак жолдон” мен чоң жикчилдикти деле байкай элекмин. Болгону эки лидер ортосундагы тирешүү акыры келип өзүнүн жыйынтыгын берди. Талкуу учурунда эле алардын мамилелери ачык байкалып турчу.

Мен жашырбай эле айтып коеюн. “Ак жол” фракциясынын жетекчиси катары Элмира Ибраимованын талапкерлигин талкуyланып жаткан учурда ага карата Адахан Мадумаров бираз сын айтып койгон болчу. Фракция жетекчисинде сөзмөр-чечендик, башкаруучулук сапат болуш керек дегендей сөз айткан. Ошол күндөн ушул тымызын тирешүү башталган. Бул эки жетекчинин ортосундагы гана жикчилдик. Жикчилдик деп айта тургандай бөлүнүштү мен фракциядан байкай элекмин.



Бекташ Шамшиев: -Бакыт мырза, ушул эле суроо. Бегаалы мырза парламент ичиндеги жикчилдикти эки жетекчинин ортосундагы пикир келишпестик катары мүнөздөп жатат. Сиздин оюңузча деле ушундайбы же бул өзү принципиалдуу карама-каршылыкпы?

Бакыт Бешимов: - Мен бул нерсени эки-үч адам ортосундагы пикир келишпестик деп эсептебейм. Тилекке каршы, бул азыркы учурдагы парламенттеги кризис. Парламент кризиси. Кризистин белгилери кайсы? Бул парламенттин иш жүргүзүшүнө тоскоол болуп жатат, терс таасирин тийгизүүдө. Экинчиден, ошол парламентти башкарган спикер жалаң эле “Ак жол” партиясы эмес, башка фракциялар менен, депутаттар менен бир сыйра келишпестикке барды.

Биз ушул парламент ишин баштаарда сунуш кылган элек. Парламенттин иши тең салмактуу, анан да ишинин сапаттуу болушу үчүн парламенттеги фракциялардын өкүлдөрү ошол жетекчиликте болушу керек дегенбиз. Эгерде көпчүлүк партиянын өкүлү спикер, калган фракциянын өкүлдөрүнөн вице-спикерлер болгондо өзүнчө бир баланс болот эле.

Ачык айтып коюш керек. Төрага Конституция боюнча мамлекеттеги экинчи адам. Турмушта ар кандай нерсе болот. Президенттен кийин эле төрага. Бул жерде тажрыйбалуу, сөз көтөрүмдүү, көп нерсени билген инсан болушу керек. Ушул жагынан алганда терең ойлонулбай, саясий агымдар менен ушундай иштер болуп калды. Парламенттик кризис ошого жеткирди.

Кечээки талкуулаган маселе - эки чарбалык маселе. Муну ошентип чоң сөзгө чыгарып, болгондо да президентти сөзгө аралаштырып, сөз чыгарып, аткаруучу бийлик менен парламенттин ортосуна чыгарыштын кереги жок болчу. Анан ошол жерде талаш-тартыш болуп кетпедиби.

Ушул маселелер учурунда биз айткандай жакшы каралган жок. Чынын айтканда, анан бул шылтоо эле болду. Имаратты оңдоо боюнча. Муну сунуш киргизип чечиш керек эле. Регламентти карап жатканда биз сунуш киргизгенбиз, ушундай нерселер каралып жатканда депутаттардын макулдугу менен болсун дегенбиз. Биздин айтканыбыз учурунда өтпөй калган. Менимче, азыркы парламенттик кризистен чыгып кетиш үчүн ошол “Ак жол” фракциясы, партиясы жакшы ойлонуп бир чечимге келсе жакшы болот эле.

Азыр аны жумшартып, башка жакка буруп кеткенибиз менен барып-барып бул маселе кайра чыгат. Улам эле парламент эл алдында шылдың болуп тура бербеш керек. Болбогон бир маселе боюнча саясий ажылдакты токтотуш керек.



Бекташ Шамшиев:- Бегаалы мырза, “Ак жол” фракциясынын проблемалу маселелерде бир пикирге келип, а бирок Жогорку Кеңеш имаратынын оңдолуш маселесине келгенде талаш чакырбай турган жерде эле фракциянын ичара талашына айланып калышына эмне себеп болду? Бул президенттин төрагага бир сөз айтып, фракция жетекчисине башка сөздү айтканына байланыштуу болдубу же болбосо бул жерде дале болсо саясий дымактар ойноп кеттиби?

Бегаалы Наргозуев: - Экинчи маселе А.Мадумаровдун жетекчилик сапаттары болду. Аны Бакыт мырза сөз кылбадыбы. Ал жагынан мен деле А.Мадумаровду идеалдуу жетекчи деп айтпаймын. Көбүнчө кызуу кандуулукка алдырып коюп жатат. Анан айтсам капа болбос, А.Мадумаров өзүнүн бир кездеги оппозициялык саясатчы образынан чыга албай жатат. Ал жагы бар. Бирок мен айтам. Идеалдуу киши жок.

Сурооңузга мындай жооп берет элем. Мунун баары эки адамдын, эки жетекчинин дымагынан чыккан нерсе. Ишти башкача кылышса болмок. Кечээ күнү фракция жетекчиси партия лидеринен уккан сөздү унчукпай отуруп, талаш чыңалууга жеткенде айтпай, ага жеткирбей, фракцияны он-он беш мүнөткө чогулта коюп, партия төрагасынан момундай пикир келди, минтип айтты, десе болмок. Же болбосо А.Мадумаров деле Э.Ибраимованы чакырып экөө тил табышып, маселени бир чыгарышса болмок.

Булар жагдай курчуп кеткенде гана бири-биринен өч алууга чейин түшүп кетип жатышат. А муну менин оюмча, кандайдыр бир күчтөр пайдаланып кетишти. Бир эле эмес, бир нече күчтөр пайдаланышты.

Орчун маселелер боюнча фракцияда талкуулап бир чечимге келчүбүз. Фракция тартиби боюнча чечим чыкканга чейин өз оюбузду айта алабыз. Ал эми чечим чыккандан кийин фракциянын чечимине баш иебиз. Ал эми бул маселе талкууланып, чечим чыккан эмес болчу. Мен лидерлер күнөөлүү деп жатам. Чакырып алып эле бир чечимге келип алганыбызда кечээкидей ызы-чуу болмок эмес.

Эми мындан ары да Бакыт мырза айткандай кагылышулар боло берет. Себеби булардын тирешүүсү ошондойго жетип калды. Ошон үчүн булардын эки-үч гана жолу бар деп ойлойм. Биринчи жолу - булардын өздөрү кетиши керек. Экинчи жолу - өздөрү жолугушуп кандайдыр бир мунасага келиши керек. Үчүнчү жолу - президент же биздин партиянын төрагасы экөөн чакырып, кыргызча айтканда, жараштырып бир чечимге келтириши керек. Болбосо мындай окуялар мындан ары деле кайталана берет.

Бекташ Шамшиев:- Бакыт мырза, бул жерде үчүнчү күч жөнүндө айтылып кетти. Үчүнчү күч тууралуу бизде чынында эле арбын айтылат. Үчүнчү күчтүн өзү кандай? Эгер ал бийлик партиясын ичтен бүлүнтүү максатын койсо ал өз максатына жете алдыбы?

Бакыт Бешимов: - Биздин Социал-демократиялык фракция ушундай иштерге катышпайбыз деген чечимге келдик. Ошодон эмоцияга алдырбай өз оюбузду айттык.

Учурунда мен президенттин өз командасы жок, айланасында аркыл топтор, анын ичинде мафиялык топтор жүргөнүн айткам. Бир ай өттү. Эми ошонун баары минтип далилденип жатат. Өзү башкарган партиянын ичинде ушундай иштер болуп жатса, бул бир. Жалаң фракциянын ичинде эле эмес, аткаруy бийлигинде деле бири-бири менен эле алышкан топтор.

Бизди - Кыргызстанды курутуп жаткан эмне? Ошол позициясы жок адамдар. Көрдүңүз го, кечээки талкууда бирди айткандар, бүгүн эртең менен 180 градус бурулуп, таптакыр башка ойлорду айтып жатат го.

Биздин позиция. Мына биз айтып жатабыз. Мынабу бийлик өзгөрсө болот эле. Коррупцияга каршы күрөшсө болот эле. Кадр саясатында тазалануу болсо жакшы болот эле. Түз айтып, ачык чечсек болот эле. А эмне үчүн болбой жатат? Ар бир жерден пайда тапкысы келгендер, Кыргызстан эмес, өзүнүн керт башынын гана кызыкчылыгын ойлогондор бизди курутуп жатпайбы. Ошол эле нерсе мына парламентте да көрүнүп калды. Анткени жакшы тандалып, жок дегенде позициясы бар адамдар келгенде мындай иштер болбойт эле.

Мынабул жаңжалдан, парламенттик кризистен пайда издеген туура эмес. Себеп дегенде, биз өзүбүз депутатпыз. Анан парламент ушундай абалда болсо. Өзүбүзгө өзүбүздүн балта чабышыбыздын эмне кереги бар?

Мен айткан артыкчылыгы бар спикер табылбайбы – табылат. Бул орунду ээлөө кимдир бирөөнүн тагдырына шек келтиреби, эч нерсе болбойт.



Бекташ Шамшиев:-Бегаалы мырза, мына ушул “Ак жол” фракциясынын ичинде да өзүнчө топтор, өз алдынча кызыкчылыгын көздөгөн адамдардын уюшмасы бар дегендей пикир айтылып келатат. Эки күндүк талкуу көп нерсени ачыкка чыгарып койду. Партия кризистик абалдан чыгуунун кандай жолдорун издейт? Ушул тууралуу эмне айта аласыз?

Бегаалы Наргозуев: - Сиз айткан сөздү мен да угуп жүрөм. Бөлүнүшүп алыптыр, эки-үч топ экен, деген сөз айтылып жүрөт. Аны мен ачык байкай элекмин. Ошондой имиш-имиш сөздөр көп. Депутаттар арасында да айтылат. Бирок муну чоң трагедия кылган болбойт.

Мындай талашып-тартышуулар кадимкидей элк көнүмүш болушу керек. Парламентте андай талаштар жүрөт, ошон үчүн ал парлaмент. Мурунку парламентте кандай талаштар жүрчү. Ага караганда бул жөн эле пародия го. Кечээ талашып-тартышсак, ал чатактан трагедия кылыштын кереги жок. Мен ойлоп жатам, мындан да курч талаш-тартыштар али алдыбызда.

Бекташ Шамшиев:-Эми соңку суроо. Бакыт мырза, жарым жылга жетпей кабылган парламент кризиси биринчиси же акыркысы эмес болуш керек. Парламенттеги негизги партиянын ичара ажырымдыгы анын кийинки ишине таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

Бакыт Бешимов: - Биз эгерде мынабу “шоу” парламенттен конструктивдүү парламентке өтпөсөк, акыркы мүмкүндүктөрүбүздү жоготуп баратабыз. Парламентте талкуу болушу керек. Бирок талкуу иштин маңызына жараша жана да реалдуу болушу керек. Анан ошондо гана алдыга жылыш болот.

Бул жерде, тилекке каршы, башка нерселер аралашып кетип жатат. Биз азыркы учурда жалпы саясатчыларга элдин ишенимин кайтарышыбыз керек. Ишеним кетпедиби. Мына өзүңүз көрүп турдуңуз. Бийликте отурган адамдардын берген убадалары эмне менен бүттү? Оппозиция көп жакшы сөздөрүн айтып, анан башка жакка бурулуп кетти.

Мындай болбосо жакшы болор эле. Балким, бул Кыргызстан басып өтөр жолдур. Аны да көрөрбүз. Бирок да биз саясатчыларга элдин ишенимин кайтарып, артты бекемдеп, анан алдыга жылсак жакшы болмок. Популизмден алыс болушубуз зарыл. Анан парламенттеги негизги иш мыйзам талкуусу.

Кечээ телевизордон көрсөтүлгөн парламент жаңжалы бир эле нерсени ырастады, бул оңолбойт окшойт деп элдин көбүнүн ишеними болбой калды. Парламентте мындай маселелерди жаңжалга жеткирбеш үчүн комитет деңгээлинде, болбосо фракция ичинде талкуулап, караса болот эле. Мага маселен, фракцияда талкуулагыла деген сунуш түшкөн жок. Талкууласа болот эле.

Анан парламенттик угуулар бар. Ошону пайдаланып, адамдардын ичинде топтолгонду талкуудан өткөрүп, маселени шашпай даярдап анан сессияга алып чыксак болот эле. Иши кылып, механизм бар. Маселе аны кандай пайдаланышта.

Өзүңүздөр карап көрүңүздөр, Кыргызстанда мамлекеттик курулуш жүрүүдө. Аны бүгүнкү күн менен эле белгилеген болбойт. Кыргыз мамлекетинин курулушуна биз канчалык деңгээлде өз салымыбызды кошо алабыз? Биз мындай аракетибиз менен балким, аны бошоңдотуп аткандырбыз. Маселе ошондо.

Бекташ Шамшиев: -Маегиңиздер үчүн чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG