Буга байланыштуу бир нече иш-чаралар белгиленген. 29-майда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Аскер таланттары” аттуу концерт болот. 26-майга Куралдуу күчтөрдүн отставкадагы генералдарынын жолугушуусу белгиленген. 27-майда болсо Кыргызстанда катталган чет өлкөлүк элчиликтердин аскер атташелери үчүн кече өтөт, ал эми 28-майда Коргоо министрлигинин ардагерлеринин конференциясы болот. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарланды. (ZMa)