Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:53

16:45 Дин жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун парламент июнда талкуулайт


Парламент июнь айында “Динге ишеним эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун караганы жатат. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиев президент Курманбек Бакиевдин 23-майдагы кабыл алуусунда маалымдаган. Долбоорду Кыргызстандагы дин тутуу эркиндигине көз салуу жана диний уюмдардын укуктук абалдарын аныктоо максатында атайын жумушчу топ иштеп чыгып, парламентке сунуш кылган. Жаңы долбоордун иштелип чыгышына 1991-жылы кабыл алынган мыйзамдын эскиргендиги менен түшүндүрүлүүдө. Агенттиктин маалыматы боюнча 2158 диний уюм каттоодо турат, Алардын 1784ү - ислам, 359у – христианчылык багыттагы, калгандары башка диний агымдарды көздөгөн уюмдар. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG