Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

26-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1667-жылы энесайдагы кыргыз мамлекетинин өкүмдары Еренак жунгарлар менен биргелешип орустардын Красноярск гарнизонуна чабуул койгон. 1856-жылдын бул күнү таанымал саякатчы Ч. Ч. Валиханов Ысыккөл өрөөнүнөн беймаалым манасчыдан «Манас» дастанынын үзүндүсүн жазып алган.

1825-жылы Омск областынын начальниги С. Б. Броневский бугу уруусунун бийлерине жооп катын жолдогон. Анда бийдин баласы жолдоштору менен Омскиде болушканы жана баалуу белектерди алып келишкени кабарланат. Мындан тышкары бийлердин орус кербендирин Аксу менен Кашкарга коштоп баруусуна кепилдик беришине ыраазычылык билдирилет.

1856-жылдын бул күнү таанымал саякатчы Ч. Ч. Валиханов Ысыккөл өрөөнүнөн беймаалым манасчыдан «Манас» дастанынын үзүндүсүн жазып алган. Ч. Ч. Валиханов жазган «Манас» дастаны бүгүнкү күндө өзүнчө оригиналдуу вариант эсептелинет жана ал дастандын алгачкы кол жазмаларынан деп саналат.

1927-жылдын бул күнү Фрунзе шаардык жумушчулар, дыйкандардын жана кызыл аскерлер депутаттары шаардын туш тарабында күч алган топурак казууларды токтотуу чечимин кабыл алган. Бул убакта борбордо жеке үй куруу кыймылы күч алып, адамдар эски сепил жана мусулман бейитинин айланасын аң кылып казып жиберишкен. Шаардык кеңештин чечимине ылайык мындан ары үй куруу үчүн топурак, таш алуу жерлер мерчемделген.

1939-жылдын бул күнү Москва шаарында кыргыз искусствосунун Декадасы башталды. Декадага республиканын профессиналдык театралдык-музыкалык топтору менен өздүк көркөм чыгармачылык өкүлдөрү тартылышып, ал москвалык көрүүчүлөргө зор таасир калтырган. Кыргыз искусство чеберлеринин чыгармаларын 30 миң чамалуу адам көргөн.

1987-жылдын бул күнү Совет өлкөсүндө Кооперативдер туурасындагы мыйзам кабыл алынган. Кооператив мыйзамы Кыргызстандын аймагына да тарап, мында алгачкы ишкерлер пайда болгон. Өлкөдө кооперация аталышы менен чакан ишканалар ачылып, соода сатыкка аралашкандардын саны өстү.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2003-жылдын 26-май күнү Жалалабат областтык ички иштер менен шаардык ички иштер имаратына кол салуудан уурдалган куралдарды жана күч структураларынын ишин талкуулады. Депутат Махмуд Күчүковдун көз карашына ылайык, «Куралдуу топ ички иштер бөлүмдөрүнө бекеринен кол салып, бекеринен Аксы районуна барган жок. Бул бийликти алуу үчүн тымызын күрөш жүрүп жаткандыгын билдирет».

«Аял менен эркектин саясаттагы теңчилигин камсыздоо стратегиясы» аттуу эларалык конференция 2003-жылдын 26-майында Бишкек шаарында ишин баштады. Президенттик администрацияга караштуу аялдар маселеси боюнча улуттук кеңеш жана бир канча эларалык уюмдар уюштурган конференция, Борбордук Азиядагы аялдардын саясатта алган орду жана ага тоскоол болгон жагдайларды тактоо максатына арналган.

1942-жылы Германияга каршы күрөшүү үчүн Советтер Союзу менен Британия ортосунда келишимге кол коюлган.
XS
SM
MD
LG